Жума башында граждандык коом, жөн эле жай тургундар, айрыкча жаштар кайсы бир саясий күчтүн уюштуруусуз, жеке демилгелери менен бийликтин коррупция менен күрөшүүсүн талап кылган митинг өткөрдү. Акыркы беш жылдык окуяларды эсепке алсак мындай масштабдуу, талапчыл митинг боло элек болчу. Кандайдыр бир социалдык талаптар, жер, суу маселесине байланыштуу же кайсы бир саясий фигуранын гана айланасында сөз кылышып, жеке бир кызыкчылыктын мүдөөсү менен гана чыгып келишкен. Бул ирет жаштардын өздөрү уюшуп, массалык түрдө бийликке басым жасоо менен эффективдүү коррупция менен күрөш жүргүзүү талабы менен чыкканы бул бийликке чоң сигнал болду.

Чынын айтышыбыз керек, бөтөлкөдөгү жин чыгып кетти. Эми муну токтотуу оор. Бажы тармагындагы коррупцияны токтотуу талабы менен чыккан жаштар коомду ойготту. Буга чейин саясий бир гана фигуранын тегерегинде митинг боло берип, коомчулукка митинг деген түшүнүк тескери өңүттө сиңип калган болсо, эми анын форматы өзгөрдү. Албетте, буга биринчиден бийлик өзү жооптуу болуп отурат. Эч бир уюштуруучусу жок, жалпы коомчулук талап кылган ал жердеги лозунгдар бийликти катуу сестентип, паникага салып койду.

Азыркы бийликке жакын клан акцияны тыкыр көзөмөлдөөгө аракеттенип, айрым криминалдык элементтер менен бул митингди үзгүлтүккө учуратуу планы да болуп, тилекке жараша коомчулуктун айбатынан улам андай ишке бара алышпады. Бажыдагы аты аталып жаткан фигурага тикелей жакындыгы бар, өкмөттө чечүүчү позицияны ээлеген кара-кулжалык, Өкмөттүн уюштуруу иштерин тейлеген бөлүмдүн башчысы Эмил Бусурманкуловдун жумуш убагында митингди тикелей көзөмөлдөп отуруусу эле бийликтин сестенгенинен кабар берет.

Бийликтин ММКсы, каржыланышы мамлекеттик, аталышы жеке болгон теле-радиолор коррупциянын тарапташтары болуп чыга келди. Жебенин башын кайда бурулаарын билбей, Президенттик адмистрациянын аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү күнөөнү Америкага оодарганга аракеттеништи. Бир туруп акциянын артында Бабанов турат дешсе, көп өтпөй Отунбаеванын “кулагы чыгып турат” дегенди жайылтып эстери ооду. Бирок мындай жасалма аракеттер коомчулуктун көңүл сыртында калды.

Маселенин түбүнө келсек, коомдук пикир айтып жаткандай эки жылдан бери президент Сооронбай Жээнбековго коррупция менен күрөшүү үчүн ким тоскоолдук жаратып жатат деген суроого коом жооп издеп жатат. Күнөөнү оодара салайын десе Атамбаев камакта, Сапар Исаков, Кубанычбек Кулматовдор менен көргөн күндөрү бир. Ким тоскоолдук кылууда?.. Эгерде бажыдагы коррупцияга дал ушул Сапар Исаков, Алмазбек Атамбаев, Кубан Кулматовдор тиешелүү болсо, алардын азыркы айыптарына кошуп жаңы кылмыш ишин ачып, күнөөлөрүн коюу менен элге жар салышы керек эле. Эгерде бажыдагы коррупцияга Акаев, Бакиев күнөөлүү болсо, аларга да кылмыш ишин ачып, айтылуу «кошелок» каймана аты бар Мурат Малабаев, бажыны бир кездери башкарган Ташкул Керексизовдон бери камаш керек эле. Ким кой деп жатат? Бүтүндөй мамлекеттик институттар таппаган кылмыш схемасын эркин ММКлар таап чыгып коомчулукка жар салса аларды күнөөлөп, элге желмогуз көргөзгөндүн ордуна президент Жээнбеков мырза Финпол, Финчалгын, АКС, УКМК, Прокуратура, Коопсуздук кеңешинин катчылыгына «иште кетирген шалаакылыгы үчүн» деген айып менен кызматтан алып, коррупция менен күрөшүүдө жөндөмсүз аракеттери үчүн аларга кылмыш ишин ачтырып, аларды кошо камаш керек эле.

 Азыркы премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев бюджетти толтурууга каражат таппай, элдин чөнтөгүн аңдыган чабалдыгына чекит коюлууга тийиш эле. Анткени бир бажы кызматкеринин байлыгын бир жарым жылдан бери таппай,  бюджетти толтуруучу каражаттар башка булакка кетип жаткандыгына түз жооп бериши парз.  Президент мырза эмне үчүн дал ушулар коррупция менен күрөшүү программасына саботаж жасап жаткандарды колдоп отурат? Балким өзү табакташпы? Мына ушул суроолор коомчулукту ойготуп койду. Бул ирет бийлик чечкиндүү кадамдарга барып силкинбесе, анда эл бийликти силкийт. Коомчулуктун «Президент коррупцияны колдо же элди колдо» деп так талап коюп жаткандарынын себеби мына дал ушунда. Азыркы чен өлчөм менен алып караганда, коомчулуктун бийликке койгон талабы абдан туура. Талтайып тура бербей, бийлик бир тарабына өтүшү керек. Ансыз бийликтин көрөөр күнү, ичээр суусу азая берет.

Азыркы, Финпол, Финчалгын, АКС, УКМК, Прокуратура жетекчилери коррупция менен күрөшүүдө саботаж кылып, бир бажычынын таламын талашкан кыйыр жоруктары үчүн кылмыш иши козголуп, Атамбаевдин жанынан орун алмайынча эл бийликке ишенбейт…

Алмаз ТЕМИРБЕК уулу

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here