Бүгүн 12-декабрда Түркиянын борбор калаасы Анкара шаарынын Кечиөрен аймагында залкар жазуучу Чыңгыз Айтматов атындагы сейил бактын жана анын айкелинин ачылыш аземи өттү. Ал айкелди жергиликтүү түрк айкелчилер даярдаган. Анкара шаарынын мэриясы жана Анкарадагы Кыргызстандын элчилиги тарабынан даярдалган. Бирок сүрөттө көрүнүп тургандай Айтматовдун айкели өзүнө окшобой калганы көрүнүп турат.

Стамбул шаарында жазуучунун айкели орнотулган. Мындан тышкары, Түркиянын чоң шаарларында Айтматов атындагы көчөлөр, маданий борборлор жана сейил бактар бар. Измир шаарында Чыңгыз Айтматов атындагы лицей ачылган.  Чыңгыз Айтматовдун түрк тилине которулган «Ак кеме» жана «Кызыл жоолук жалжалым» повесттери Түркиянын Билим берүү министрлиги тарабынан бекитилген «100 классикалык чыгарма» тизмесине кирген.

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here