Долбоор кыргыз-кытай мамлекеттеринин достук мамилесинин натыйжасында жүзөгө ашырылууда. Анын алкагында 10 миң жумушчу орун түзүлөрү айтылды.

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Нарын облусундагы «Ат-Башы» индустриялык соода логистикалык борборунун пайдубалына капсула салганын өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.

Абылгазиев ал борбор тууралуу буларды айтты:

Логистикалык борбордун курулушу – Борбор Азия аймагындагы заманбап жана ири борборлордун бири болот. Бери дегенде 10 миң жумуш оруну түзүлүп, анын 90 пайызы биздин жарандарга берилет. Бул долбоор кыргыз-кытай мамлекеттеринин достук мамилесинин натыйжасында жүзөгө ашырылууда. Мына быйыл 9 айда ата мекендик продукциянын экспорттук көрсөткүчү 11 пайызга жогорулап, импорт 9 пайызга төмөндөдү.

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here