-Али мырза, алгач окурмандарга өзүӊ тууралуу кыскача айтып берсеӊ. Түркиядан Кыргызстанга келгениӊе канча болду?

-Түркиядан Кыргызстанга келгениме 14 жылга жакындап калды. Бир тууганы Мехмед экөөбүз 10 жылдан  бери Бишкектеги “Таксим бир туугандар” кафесин ижарага алып иштетип келатабыз. Бул кафенин ээлери кыргыз байкелер. Бизге Кыргызстан жаккан үчүн ушунча жылдан бери Бишкекте эл катары жашап, иштеп келатабыз. Мамлекетке жылына  бир топ салык төлөп, 30га жакын адамга иш берип, бир аз  болсо да пайда келтирип жатабыз.  Кыргыз элине мен күйөө баламын. Ушул жерден агарып-көгөрүп, бала-чакалуу болуп жашап жатам.

-Ачыгын айтыӊызчы, Кыргызстанда ишкерлик кылуу оӊойбу?

— Оӊой- олтоӊ, бардык шарттар түзүлгөн деп төш кагып айтсам, калпычы болуп калам. Дале болсо көйгөйлөр бар. Мамлекет ишкерлерге шарт түзүүгө аракет кылып жатканы менен, негедир текшерүчүлөр көп. Мен ижарага алып иштетип жаткан кафенин жарымын, тактап айтканда 800 чарчы метр жери мыйзамсыз жерде турат деп Бишкек мэриясы бузуп салган. Иш сотко өткөнү менен, эмдигиче чечиле элек. Бирок мени ошол учурда колдогондор көп болду. Анткени, ушунча жылдан бери биздин кафеден 5000ден ашуун адам иштеп, тажрыйба топтоп кетишиптир.

Таксим бир туугандар кафеси… Бишкек

Мисалы, алардын бири 9 жыл мурун биздин кафеде иштеп, тажрыйба топтоп  кеткен бир кыргыз жигит учурда Италияда өзүнүн чакан бизнесин кылып жатат. Ал жигит мени абдан ыраазы кылып койду. Себеби, биздин кафенин жарымын бузуп жатканда мага телефон чалып, жардам бере турганын, өзүнүн айтуусунда Италиянын бир шаарында  3 жерде тез тамактана турган (филе деп коюшат экен) чакан жайы бар экен. Ошонун бирөөсүн мага бере турганын билдирди. Муну угуп абдан кубандым. Демек, ал жигитке менин да пайдам тийгенин ошондо сездим.  Бирок анын сунушунан баш тартып, өзүнө ийгилик кааладым.

-Сиз кыргыз коомчулугуна, айрыкча футбол сүйүүчүлөрүнө эч нерседен  тартынбаган  бул оюнду абдан чоӊ күйөрманы экениӊизди бууга чейин Бишкекте өткөн футболдук  беттештерде көргөзгөнсүз.  Дайыма кыргыз командасына дем берип, стадиондон ураан чакырып, башкаларды да шыктандырып   келесиз. Жакында Кыргызстан командасы Япония менен Тажикстан  менен ойношту. Бул оюндарга да бардыӊызбы?

-Албетте, бардым. Мен өзүм футболду бала кезден абдан жакшы көрөм. Жашыраак кезде көп ойночу элем, азыр ойнобой деле калдым. Бирок күйөрмандык кылганымды эч качан токтотпойм деп ойлойм. Кргызстан командасына көп жылдан бери күйөрмандык кылам. Кыргызстан бизге да экинчи мекен болуп калды. Биз бул мамлекетке чын дилибиз менен күйүп жанып, өнүксө экен деп тилейбиз. Ал эми Кыргызстандын спорту, анын ичинен футболу  дүйнөлүк деӊгээлге көтөрүлсө деп тилеп, ошол бийиктикке чыгарууга өз колумдан келген салымымды кошкум келет. Биздин команда жакында  Япония жана Тажикстан менен беттешип, өз мүмкүнчүлүгүнө жараша ойношту. Өзгөчө Япония менен жакшы тирешти. Бирок эми Япония күчтүү команда да. Алардын деӊгээлине жетиш үчүн биздин командага дагы бир топ машыгуу, тажрыйба керек болот. Япондордун командасы Бишкекке келгенде мен алар жаткан мейманканага барып, гүл берип, калпак кийгизип, өз сыйымды билгизип, аларга: “Силер кыргыз командасын утпашыӊар керек, утулгула”- деп тамашаладым. Ал жөн гана: “Биз оюнубузду ойнойбуз”- деп күлгөн болуп коюшту.

Ал эми Тажикстанды утууга мүмкүнчүлүгү бар болчу. Негедир менин көӊүлүмдөгүдөй ойной алышкан жок. Техника да жетишпей турду. Башкы машыктыруучунун да ыкмалары анчалык жакпады. Кыйын машыктыруучу 60 мүнөттө, же 80 мүнөттү кайсы оюнчуну оюндан чыгарып, анын ордуна кимди киргизерин жашы билиш керек. Ошол маселе да көп нерсени чечип коет. Бул жагынан мен ыраазы боло албадым. Футболдун формасы оор да. 90 мүнөт ошол формага татыктуу басып, татыктуу чуркап жүрөк менен ойнош керек. Жүрөк менен абдан берилип ойногондо аракеттер жыйынтыктуу болот. Тажикстан менен ойногондо мына ушул нерсени көрө албай жаттым. Утулганда да жакшы ойноп татыктуу утулуса, эл ыраазы болот. Анан жакшы ойнобой, көп ката кетирип утулса, эл ыраазы болбойт да. Анын үстүнө тажиктер арамзалык кылышып, ар кандай ыкмаларды колдонуп, биздин команданы жүдөтүштү да. Япондор болсо антпей, бийик маданиятын көрсөтүштү. Тазалыгы, тыккандыгы, тартиби да биздин коомду суктандырып койбодубу.

-Мыкты ойноп сиздин көӊүлдү бура алган ойнчуларды айтсаӊыз?

-Албетте, акыркы оюндарда Гүлжигит Алыкулов мыкты ойноду. Ал өзүнчө эле оюн  таласынын ортосунда маестро болуп калды десем болот. 22 –номердеги Эдгар да жакшы эле ойноду. Негизи  футболго баланы 5-6 жашында эле бериш керек. Андан кеч берсе, ал баладан эч кандай оюнчу деле чыкпайт. Мисалы, Кыргызстандан Түркияга барып клубдарда ойношкон кыргыз жигиттери бар. Мен аларды билем,  айрымдары менен таанышмын. Мисалы, атын айтпай эле коеюн. Бир жигит бар, түрк футбол клубунда ойнойт. Таланттуу, мыкты оюнчу. Бирок ал андан ары негедир аракет кылып өскүсү келбегендей сезилет мага. Эмнеге дегенде ал түрктөрдүн алдыӊкы командасында, же лигасында ойносо мүмкүнчүлүгү жетмек. Мен бул тууралуу айтсам, ал көп деле көӊүлдөнгөн жок. Себеби, түркиянын жакшы бир шаарныда ойнойт, жашаган жакшы батир, машинеси бар. Ошого канаттанып жүргөндөй. Кыргызстанда футболду  жалгыз гана Аскар Салымбеков агабыз өстүрүп колдоп жатат деп билем. Башка агалар деле бар дечи, бирок алар Салымбековдун деӊгээлинде эмес. Бул агабызга Кудай узун өмүр берсин. Маркум аялы Гүлмира эжебиз да мыкты адам болчу. Бейиши болгур эже менен жакшы тааныш болуп, даам сызышып калдым. Менин каалоом, Кыргызстанда Аскар байкедей, Гүлмира эжедей мекенчил адамдар көбөйсө  деп тилейм.

-Аскар Салымбеков байкебиз жылына кыргыз футболуна 1,5 миллион долларга чейин өз каражатын сраптап жатат. Бизде ал байкебизден тышкары көптөгөн байлар бар. Мына ошол байкелерибиз да акчаларын аябастан, футболго салып турса, жакшы эле өнүгүү болмок…

-Туура айтасын, мен мына ушул маселени айтып жатам. Мисалы,  Кыргызстанда курулуш тармагы жакшы эле өнүгүп жатпайбы. Ошол курулушта ишкерлик кылышкан байкелерибиз чогулуп, ортого акча чыгарып, футболдук стадион салып койгонго мүмкүнчүлүктөрү бар деп ойлойм. Ал стадиондун тегерегине, ичине бизнес борбор, ресторан ж.б. кошо салынса, андан түшкөн акчаны федерация спорт залдарды, аянттарды курса, спорт өнүгөт эле. Бул иштерди жасабай эле, баары Салымбеков байкени эле карай берсе болбойт да.  Мен да Түркиянын парламентинин спикери Кыргызстанга келгенде башка жардам сурабасатан, дал ушул Кыргызстандын футболун, күрөшүн өнүктүрүү үчүн жакшы жардам бергилечи деп сурангам. Алар да жардамын беребиз деп убада кылган. Буйруса, бул маселе да ишке ашат деп ойлойм.  Бир сөз менен айтканда  футболду өнүктүрүү маселесин Салымбеков агабызга эле түртө салып койбой,  баарыбыз салым кошушубуз керек

-Кыргызстанга Түркиядагы миллиардер ишкерлерди инвестиция салууга чакырып жатасызбы?

Али…

-Бул багытта да кыргыз элине жардам кылгым келет. Мен мындан үч ай мурун Түркиядагы эӊ бай  адамдардын бири, “Отокар” ж.б. компаниялардын кожоюну  Али Коуч деген башкы машыктыруучуга  кыргыздын желегин, камчысын, ак калпагын берип, Кыргызстанга инвестиция салууга үндөп, Кыргызстан тууралуу айтып берип, чакырдым. Биз эки жарым саат сүйлөштүк. Ал менден Кыргызстандын коӊшу мамлекеттерине кызыгып сурады.  “Макул”- деп сөзүн берди эле. Ал кишинин кол алдында 6 миллионго (Түркияда) жакын адам эмгектенет. Али Коуч эки жума мурун Казакстанга келип, машине кура турган ишкана куруу боюнча кол коюшуп кетти. Буйруса, Али Коуч Кыргызстанга келип, бир завод куруп, жок дегенде 10-15 миӊге чейин адамга завод курса деп ойлойм. Али Коуч ж.б. ишкерлерди Кыргызстанга инвестиция салууга дагы да  үндөйм.

Айбек Шамшыкеев

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here