-Акылбек мырза, сиз жетектеген Улуттук статистика комитети  келерки жылдын 23-мартынан 10-апрелине чейин эл каттоо ишин жүргүзгөнү турат. Бул эми албетте чоӊ иш. Мына ушул маселе боюнча кененирээк айтып берсеӊиз?

-Эл каттоо 10 жылда бир өткөрүлүп турат. Азыр биз бул ишке даярдыктарды көрүп, бир топ иштерди аткарып жатабыз. Маалым болгондой мурунку эл каттоолорду кызматкерлер ар бир адамды кол менен жазып, абдан көп дептер  алып жүрүшчү эле. Азыр эми ал түйшүктүү иштер артта калды. Заманга ылайык уюлдук телефон аркылуу каттоого өттүк десек болот.  Эми эл менен турак-жайды кадимки эле биз көтөрүп жүргөн телефондон атайы тиркеме аркылуу каттоого алынат. Бул иш-аракет буга чейин  атайы эл аралык  уюмдардын жардамы долбоор менен ишке ашып, сыноодон өткөрүлгөн. Алгач 30 кызматкер  менен Чүй Токмокто, андан кийин дагы эл аралык уюмдун жардамы менен Ысык-Көлдүн Кум-Бел айыл өкмөтүн толук ушул телефондук тиркеме аркылуу электрондук форматта өткөрдүк. Ал ишибиздин жыйынтыгы жакшы чыгып, кагаз түрүнө караганда кыйла жеӊил, түйшүгү аз болору иштин жүрүшүндө билинди. Андан кийин 18-28-ноябрда  Ош шаарында да  мындай ишти көбүрөөк көлөмдө өткөрүп келдик. Буйруса, бул ишибиздин жыйынтыгы да жакшы чыкты. Каталары болсо убагында оӊдоого да ылайыктуу болуп жатат. Айта кетчү жагдай, каттоо учурунда адамдардын каттоосуна, паспортуна карабайбыз, эӊ башкысы адамдын өзүнө басым жасалып, каттоого алынат.

-Болжол менен каттоодон кийинки элибиздин саны канча болушу мүмкүн?

-2018-жылдын 1-январына жалпы элибиздин саны 6 миллион 395 миӊ адамды түзгөн. Каттоо 10 күн жүрөт. Мартта бүтсө толук жыйынтыгы күзгө жакын чыгып калат. Менимче, каттоодон кийин 6 ,5 миллиондон ашышыбыз мүмкүн. Бирок 7 миллионго жетпейбиз.  Бул жерде мигранттардын маселеси да чоӊ да. Биздин эсеп боюнча мигранттардын эсеби азыраак. Себеби, улам өзгөрүп жатпайбы. Негизи Кыргызстанда бир жылдан ашык мезгил жашабаган адамдарды өзүнчө тактап, өзүнчө каттоого алабыз.

-Эл каттоого канча адам ишке тартылат? Жеке сиз жетектеген комитет бул ишти бүткөрө албайт да.

-Албетте, бул ишти биз жалгыз жүргүзө албайбыз. Бул эл каттоо ишине республика боюнча жалпысынан 25 миӊге жакын адам тартылат. Анын инструктор — көзөмөлдөөчүлөрдүн саны 2600 кызматкер, алар бир жарым айга жумушка алынат, айлыктары 7,500 сом. Алар  1,5 айга чейин окуп, өз ишин үйрөнүшөт.  Ал эми кординаторлордун саны 500дөй болмокчу. Алар 3 айга жумушка алынат. Айлыктары 9 миӊден ашат. Калган эл каттап иштегендердин айлыгы 6500 сомдун тегерегинде болот. Алар дагы атайы окуудан өтүшү керек болот.

 Негизинен бул жерде жаштар ишке тартылат, каалоочулар. Себеби, жаштар телефонду, анын ичиндеги  жогоруда айтылган атайы тиркемени жакшы түшүнүшөт. Биринчи кезекте жергиликтүү бийликте иштеген атайы адистер эл каттоо ишине сөзсүз тартылат. Анткени, алар өз аймактарын жакшы билишет да.  Эл каттоочуларга биз тараптан  атайы бейджик берилип, ага бардык маалыматтары жазылат. Шарт түзүү багытында шаар жерлеринде мэрия менен сүйлөшүп, муниципалдык унааларда бекер жүрүү жагын макулдашабыз.  Ар бир эл каттоочуга Мамлекеттик каттоо тарабынан атайы даярдалган, өзүнө  тиешелүү аймакты чийилген карта аркылуу  катташат.

 Чет өлкөлөрдө жүргөн эмгек мигранттары эсепке алынабы?

— Мен жогоруда айтып өткөндөй, КМШ жана ЕАЭБ мамлекеттери максималдуу жакынкы мөөнөттө, 2019-жылдын октябрынан 2020-жылдын  октябрына чейинки мезгилде улуттук каттоолорду өткөрөт, Кыргыз Республикасынын аймагында узак убакыт (бир жыл же андан көп убакыт) жок болгон мигранттар үчүн каттоо барагы толтурулат. Маалыматтар үй-чарбасынын мүчөлөрү тарабынан алар тууралуу берилгендерге гана чогултулат. 
Мисалы, айрым көчөлөрдүн аталыштары жана үйлөрдүн номерлери да жок болгон  жаңы конуштарда, эл каттоо кандай өтөт?
— Кыргыз Республикасынын Биринчи вице-премьер-министри К.А.Бороновдун төрагалыгы астында республикалык комиссиянын отурумунда бекитилген Календарлык планга ылайык, 2020-жылдын 1-январына чейин жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары даректүү чарбаларды тартипке келтирүүгө милдеттүү, бул көчөлөрдүн жана жаңы конуштардын аталыштарын тактоо, аталышы жок көчөлөргө аталыштарды берүү жана үйлөрдүн жана курулуп жаткан үйлөрдөгү батирлердин  номерлерин аныктоо жана көчөлөрдүн аталыштарынын табличкалары менен камсыз кылышы керек.  Ушуга байланыштуу, 2020-жылы Кыргыз Республикасынын аймагында эл жана турак жай фондун каттоого даярдык көрүү жана өткөрүү боюнча бардык иш-чараларды аткаруу боюнча  жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына мен да кайрылып кетким келет жана азыркы учурда көчөлөргө жана жаңы конуштарга аталыштарды берүүгө жана ишти активдештирүүгө мүмкүнчүлүк бар.  

— Элдер өз маалыматтарын берүүдөн баш тарта алабы?

— Эл жана турак жай фондун каттоого катышуу милдеттүү мүнөздө болуп саналат. Каттоо документтерине киргизилген суроолор боюнча талап кылынган маалыматтарды бербей коюга суроого жооп берип жаткан адамдардын укугу жок. Маалыматты берүүдөн баш тарткан учурда, алар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жеке жоопкерчилик тартышат. Ушуга байланыштуу, каттоону өткөрүү убагында 10 күндүн ичинде аларга келген каттоочуларга түшүнүү менен мамиле жасоо өтүнүчү менен элге кайрылып кетким келет. Ал эми каттоого карата коомчулуктун терс мамилесин болтурбоо үчүн элдин арасында жалпы маалымдоо-түшүндүрүү иштерин өткөрөбүз. Кыргызстанда өтө турган эл каттоо ураандарынын бири «Кыргызстанда ар бир адам  маанилүү».

-Эл каттоого бюджеттен жалпысынан канча каражат каралды?

-Бюджеттен быйылкы даярдык иштерибизге 194 миллион, анан 2020-жылда жүргүзүлө турган негизги эл каттоого 357 миллион  каралган. Бул акчанын көбү негизинен айлыкка кетет. Бул акчадан да үнөм болушу мүмкүн.

 Биз Эл каттоого деп берилген  быйылкы каражаттан (194 миллиондон) 33 миллион сомго жакын каражат үнөмдөп калдык. Себеби, эл аралык уюмдардан  жардам алдык. Эми ал акчаны имараттарыбызды оӊдоп, түзөөгө, материалдык-техникалык базабызды чыӊдоого сарптайбыз. Чынын айтканда эгемендик алгандан бери мамлекет тарабынан биздин комитеттин оӊдоо иштерине  8 млн. 400 миӊ сом бөлүндү.  Азыркы учурда борбордук имаратыбыздын чатырын котордук, эми терезелерин алмаштырып жатабыз. Аймактардагы имараттарыбыздын да ахыбалы талапка анчалык талапка жооп бербейт. Көбүнчө биз эл аралык уюмдардын жардамы менен көйгөйлөрдү, муктаждыктарды чечкенге аракет кылабыз.

Суроо салган Айбек Шамшыкеев

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here