Жогорку Кеңештин бир катар депутаттары ичкилик ичип рулга отурган айдоочуларга айыппулду 10 эсеге көбөйтүүнү сунуш кылышты. Бул тууралуу депутаттар парламентте жол эрежесин бузгандарга айыппулду төмөндөтүү боюнча мыйзам долбоору талкууланып жаткан учурда билдирди.

Депутаттар базар экономикасынын шартында айрымдарга мас абалында машине айдагандар үчүн салынган 17,5 миң сомдук айыппул аз деп эсептешет.

Жыйынга катышып жаткан Жол коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын жетекчисинин орун басары Иманалы Саркулов ичкилик ичип машине айдагандардын жазасын күчөтүү боюнча аракеттер көрүлүп жатканын билдирди. Айып пулдарды азайтуу боюнча бул мыйзам долбоор бүгүн ЖКда экинчи жана үчүнчү окуудан өттү.

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here