Дүйнөлүк антидопинг агенттиги (WADA) россиялык спортчуларды төрт жылга Олимпиада оюндарынан четтетүү чечимин кабыл алды. Бул маалымат жалпы дүйнө коомчулугунда чоӊ жаӊылык катары кабылданып, талкууга алынууда.  Аталган уюм ошондой эле жакынкы Олимпиада жана Паралимпиада оюндарына, спорттун ар кыл түрү боюнча дүйнөлүк чемпионаттарга Россиядан «таза» гана атлетчилерди бейтарап макамда, тагыраак, өлкөнүн туусун көтөрбөй, гимнин жаңыртпастан катыштыра турганын билдирген 2020-жылдан тартып спорттук  ареналарда жеңил атлетика жана спорттун командалык түрлөрүндөгү жеңишинен кийин Россиянын желегин ареналардан эч ким көрбөй турган болду.  Бул маселе боюнча Путин өз оюн төмөнкүчө билдирген: “ Улуттук олимпиада комитетине эч кандай доо жок. Эгер бул уюмга эч кандай доомат жок болсо, демек, өлкө мелдештерге өз желеги алдында чыгышы керек. Олимпиада хартиясында ушундай жазылган. Жаза жамааттык мүнөздө болбошу керек, эч кандай күнөө кылбаган адам жазаланбайт. Муну баары түшүнөт. WADA адистери да жакшы түшүнөт деп ойлойм«

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here