Ленин райондук сотунда айыпталуучу соттун чечиминен кийин каза болуп калды.  9-декабрда  Ленин райондук сотуна алынып келинген айыпталуучу соттун чечиминен кийин конвойдук бөлмөдө каза болуп калган.  Бул окуга күбө болгондор буларды айтышкан:  Биз күтүү залында отурганбыз. Киши абдан көп болчу. Анда конвойлордун коштоосунда соттолуучунун араң басып өткөнүн көргөнбүз. Арадан 10 мүнөт өткөн соң анын каза болуп калганы белгилүү болду. Байкасак тергөөчү жана аны алып кирип бара жаткан конвойлордун баардыгы маска тагынып алышкан экен. Сурасак маркум кургак учуктун оор түрү менен ооруганы, анын  туугандары дагы жок болгонун кошумчалашты.

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here