Сокулук РИИБдин жетекчиси Максат Чойбеков аралашкан жол кырсыгынан жабыркагандардын бири ооруканада көз жумду.  7-декабрь күнү болжол менен таңкы саат 4:00дө Бишкек — Нарын — Торугарт унаа жолунун 18-чакырымында жол кырсыгы катталып, Чойбеков башкарып бараткан Mercedes-Benz үлгүсүндөгү автоунаа менен жүк ташыган микроавтобус кагышкан.  Кичиавтобустун айдоочусу менен бир жүргүнчүсү жабыркаган.  9-декбары күнү жабырлануучу каза болуп калды. Чойбек кызматтан алынган. Анын колу сынып, ооруканда жатканы айтылат. Каза болгон адамдын жакындары Чойбеков ошол учурда рулда кызуу абалда экенин айтып чыгышты.

Ал мас абалында болгон-болбогону боюнча экспертизадан өтүүдөн баш тартып койгон. Иш объективдүү каралышы үчүн УКМКга өткөрүлүп берилген.

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here