Россиядагы жол-транспорт кырсыгынын кесепетинен кыргызстандык жаран каза болду.

Кырсык 7-декабрда Смоленск облусундагы унаа жолдо болгон. Айдоочу — 49 жаштагы Мырза Добутов өзү жалгыз Тула шаарын көздөй бара жаткан. Маалыматтарда: ал үй-бүлөсү менен Смоленск облусунда жашаганы менен Тула шаарында иштегени айтылат. Ал ишкерлик менен алектенчү.

Маркум «КИА Рио» үлгүсүндөгү унаасы менен үйүнөн Тула шаарына жөнөгөн. Ал алдындагы унаадан ашып өтүүгө аракет кылган учурда оң тарабындагы унаага тийип, карама-каршы тилкеде келе жаткан оор жүк ташуучу унаа менен кагышкан. Тез жардам кызматы келгиче каза болуп калган.

Мырза Добутов 3 уул, 1 кыздын атасы болчу.  Ал Кыргызстандагы телеканалдарда оператор, алып баруучу, башкы редактор жана Баткен облусттук телеканалда жетекчи болуп иштеген. Ошондой эле акыркы жылдары социалдык тармактарда да абдан активдүү болуп келген.

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here