Ош шаарында 20 жаштагы кыз 5-кабаттан кулап кетип каза болгон. Бул тууралуу Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.

Окуя тууралуу бизге 6-декабрда Ош облустар аралык бириккен клиникалык ооруканасынын дарыгерлери кабарлаган. 1999-жылы туулган А.Д. белгисиз себептер менен 5-кабаттан кулап кеткендиги белгилүү болгон. Ыкчам иликтөө тобу түзүлүп, тергөө амалдары жүрүп жатат. Каза болгон кыздын жакындары суралууда» деп айтылат маалыматта.


ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here