Чек ара кызматы  10 ай аралыгында мамлекеттик чек арадан 21 300 000 ашуун адам өткөндүгүн, ал эми унаалардын саны 1 553 130 түзө тургандыгын маалымдады. Чек араны мыйзамсыз бузган адамдардын саны 189 түзүп алардын 47син УКМКга өткөрүп берген. Туура эмес документи менен( башка бирөөнүн паспорттун колдонуп) 4513 адам чек арадан өтүүгө аракет кылган. Тыюу салынган товарлар боюнча 2019-жылдын 10 ай аралыгында чек арачылар жалпы суммасы 33 012 192 сомду түзгөн аткезчилик жүктү, ошондой эле 4000 кг. бангизаттын (кара куурай) жана бангизат прекрсорлорун (кислота №1)- 820 литр таап кармашкан. Курал жарактан 5 бирдик курал, 111 даана ок-дары жана 3 снаряд алынган.

https://www.facebook.com/watch/?ref=external&v=1010629402623997

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here