Бишкектин Гагарин -Некрасов көчөлөрүнүн кесилишинде кечээ 20: 30дар чамасында атышуу болду. Ал кылмыштуу окуядан кийин Бишкек шаардык травматология жана ортопедия илим-изилдөө борборуна ок тийген үч киши кайрылган.

Ок атылганы маалымдалып, төрт машина жабыркаганы айтылган. Ишенимдүү кишинин айтымында, уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрү жаңжалдаша кетип, үч киши түрдүү жаракаттарды алган. Айрым маалыматтарда «Мыйзамдагы уруу» — делген «Сакалдын» балдары экени айтылууда. Атышуу болду деген жерден гильзалар табылган.

ИИМдин маалыматында: Коопсуз шаардын камераларындагы тасмалардын жардамы менен кылмышкерлердин качкан тарабы белгилүү болуп, белгисиз адамдарга ок чыгарган эки кылмышка шектүү колго түшүрүлгөндүгү айтылат. Алар 1995-жылы туулган, Жалал-Абад облусунун Токтогул районунун жашоочулары Т. уулу М. жана М.Н. аттуу адамдар болуп чыккан. Кармоо учурунда номерлери өчүрүлгөн “Макаров” пистолети алардын жанынан табылган, октору болгон эмес. Учурда тиешелүү экзпертизалар дайындалып, иш сотко чейинки өндүрүшкө алынды. Айрым маалыматта алар мурун да атышканы айтылууда.

Саламаттык сактоо министрлиги алардын ахыбалы тууралуу буларды билдирди:

1988-ж.т. А.А.: белинин сол тарабына ок тийген жана жоон санына ок тийип талканып кеткен, учурда жандандыруу бөлүмүндө оор абалда жатат.

Экинчиси 1988-ж.т. К.Э.: Санын оң капталына жана бутунун башына ок тийген, абалы орто оор.

Үчүнчүсү 1989-ж.т. О.К.: кызыл ашыгына ок тийген, абалы туруктуу.

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here