Кыргызстандын Россиядагы элчилигинен автокырсыктан төрт киши көз жумгандыгын билдиришти.

Казань — Оренбург — Акбулак жолунун 86-чакырымында минивэн Mercedes менен Ford Transit үлгүсүндөгү унаалар кагылышкан. Төрт киши көз жумуп, дагы төртөө ооруканага жеткирилген.

Кырсыктан 29, 34, 35 жана 38 жаштагы төрт кыргызстандык жаран каза болду.

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев кырсыктан каза болгон төрт кыргыз жаранынын сөөгүн мекенине алып келүүнү жана жабыркагандарга жардам берүүнү тапшырды. Бул тууралуу өкмөт башчысынын басма сөз кызматы кабарлады. Маалыматка ылайык, премьер-министр жол кырсыгынан каза болгондордун жана жабыркагандардын жакындарына көңүл айтты.


https://www.youtube.com/watch?v=KTbmsNKFQ_Q

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here