Аргентинада 42 жаштагы Мария аттуу айымга бейтааныш мотоциклчен киши кол салып, ден-соолугуна зыян келтирген. Натыйжада ал айым ооруканага жаткырылгандан кийин комага түшүп калган. Ал бир ай бою эсине келген эмес. 30 күн дегенде Мария Лаура Феррейро эки жашар кызынын эмчек сурап жаткандыгын угуп, комадан ойгонуп кеткендигин чет элдик  Daily Mail басылмасы жазып чыкты. Комадан ойгонгон аял үстүндөгү жабууну алып салып, кызын бооруна кысып, дарыгерлерди таӊ калдырган. Ага чейин дарыгерлер Мария айымдын жашап кетүү мүмкүнчүлүгү өтө аз экенин айтышкан.

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here