Жакында, Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматы тарабынан «Акнет» ЖЧКсынын президенти К.А. карата кылмыш иши иликтенип, анын жыйынтыгы менен жалпы суммасы 150 000 000 сомду түзгөн салыкты төлөөдөн качуу фактысы аныкталган. Андан соң, Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасы тарабынан аталган ишти иликтөө Кыргыз Республикасынын ИИМдин Тергөө кызматына тапшырылган.
Тыкыр иликтөөнүн жүрүшүндө Кыргыз Республикасынын ИИМдин Тергөө кызматы тарабынан «Акнет» ЖЧКсынын президенти жалпы суммасы 616 816 112 70 сомду түзгөн салыкты төлөөдөн качкандыгы боюнча кошумча факты аныкталган.
Ушуга эле катар, жалпы суммасы 384 901 130 сомдук акча каражатын кассага киргизбестен мыйзамсыз эсептен чыгаруу менен ээлеп алуу жана коротуу фактысын аныкташкан.
Азыркы учурда «Акнет» ЖЧКсынын президенти К.А. карата кылмыш иши аяктап, Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасына иликтөө жана андан ары сотко жөнөтүү үчүн жиберилди.

ИИМдин Басма сөз кызматы

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here