Улуттук Энергохолдингдин жетекчиси Айтмамат Назаров быйыл Токтогул ГЭСинде аба-ырайынын шартына жараша 2 миллиард куб метрге суу аз топтолгону билдирди. Бул — жакындаштырып айтканда 2 миллиард кВт саат электр энергия дегенди билдирет. Азыр бул электр кубатын ордун кантип толтуруу маселесин ойлонуп жатышканын кошумчалган. Назаров бул кырдаал электр энергиянын тарифине таасирин тийгизбей турганын айткан.

Эгер электр энергиянын кубаттулугу жетпей баратса башка өлкөлөрдөн кошумча электр энергиясын алуу макулдашылганы буга чейин айтылган.
Ушул күндөрү Токтогул суу сактагычына суунун агып кирүүсү секундасына 190 куб метрди түзсө, ГЭСтен секундасына 578 куб метр суу колдонулуп жатат. Учурда 16 миллиард куб метр суу топтолгон. Суу сактагыч эң көп дегенде 19 млрд. 500 млн. куб метрге чейин суу батыра алат.

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here