Ош шаарынын мэриясы Бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимовдун иниси Руслан Матраимов муниципалдык жерди мыйзамсыз тосуп алганын мэриянын басма сөзү кабарлады. Эске сала кетсек, буга чейин «Азаттык» буга чейин шаардагы «Келечек» балдар чыгармачылык борборуна бара турган жолду тосуп алганын айтып чыккан соң текшерүү жүргүзгөн. Мэриянын маалымат кызматынын маалыматында: » Текшерүүнүн жыйынтыгында Матраимов «Келечек» балдар чыгармачылык борборунун имаратынын артындагы жер тилкесин уруксатсыз тосуп алганы аныкталган. Ал жер азыр бошотулган. Ошондой эле борборго барчу жол дагы уруксатсыз тосулган экен. Архитектура башкармалыгы эскертүү берди. Мындан соң үйдүн кожоюну тосуп алган жерин ачам деп убада берди- деп айтылат.

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here