Бүгүн жергиликтүү маалымат сайттардын биринде жарыяланган видеодо Бажы кызматынын мурдагы төрага орун басары Раимбек Матраимов кабарчылардын суроосуна жооп берип, соңку журналисттик иликтөөдөгү Айеркен Саймаитини тааныбай турганын жана аны менен эч кандай мамиле курбаганын билдирди. Ошондой эле ал иликтөөдө сөз болгон 700 миллион долларга эч кандай тиешеси жоктугун, анда айтылган маалыматтарды «жалган жалаа» деп эсептерин, мындан улам журналист Али Токтакунов менен активист Ширин Айтматованы сотко бергендигин, “Азаттык” радиосу боюнча эл аралык деңгээлде сотко даярданып жатканын билдирген.

21-ноябрда жана 4-декабрда «Азаттык» радиосу, «Уюшкан кылмыштуулукту жана коррупцияны иликтөө долбоору» (OCCRP) жана анын Кыргызстандагы өнөктөшү «Kloop» маалымат агенттиги чогуу жүргүзгөн «Бажыдагы миллиондор: карактоо жана калкалоо» жана “Көмүскө акча ташыгандар кербени”деген иликтөө жарыяланган.

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here