Японияда жашаган кыргыз келин Асел Минагава 30-ноябрда кафесин ачып, бирок эч ким келбей койгондо, ызаланып ыйлаган. Анын ыйлап жатканын күйөөсү тасмага тартып алган. Асел айым эми соц баракчасына кафесине алкачкы кардарлар келип жатканын кубануу менен жазды.

Социалдык тармакка жарыяланган видео аз эле күндө 100 миңден ашык адам көргөн. Аселди Кыргызстандагы, Казакстандагы, Россиядагы жана Украина, Япония ж.б. жактагы интернет колдонуучулар колдоп, жылуу сөздөрүн жазышкан. Ошондой эле чет элдик ЖМКлар дагы анын бул арактин жазып чыгышкан. Кыскасы, Аселдин ыйлаганы өзүнүн ишкерлигине жакшы жарнама болуп берди

https://twitter.com/AselMinagawa/status/1202435361739116545/photo/1?ref_src=twsrc%5Etfw%7Ctwcamp%5Etweetembed%7Ctwterm%5E1202435361739116545&ref_url=https%3A%2F%2Fsputnik.kg%2Fsociety%2F20191206%2F1046435591%2Fkyrgyzstan-yaponiya-kafe-kardar-surot.html

​Социалдык тармакка жарыяланган видео бир нече күндүн ичинде 100 миңден ашык жолу көрүлүп, аны Кыргызстандагы, Казакстандагы, Россиядагы жана Украинадагы колдонуучулар колдой баштаган. Окуя тууралуу чет элдик ЖМКлар дагы жазышкан.

Асел кардар жок деп кол куушуруп отуруп калбай, чакан жайын жарнамалоого болгон аракетин жумшаган.

Акыр-аягында ал кафесине баш баккан алгачкы кардарынын сүрөтүн жарыялады.

​Андан кийин экинчи кардар келген. Алардын бардыгы конокторду көп тартуу үчүн эмне кылуу керектигин айтып, кеп-кеңешин беришкен.

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here