Токмок шаарында 17 жаштагы кызга Токмок шаардык ички иштер бөлүмүндө иштеген тергөөчү сексуалдык ыдык көрсөткөнү маалым болду. Бул окуя 15 күн мурун болгон.

Бул окуя эки жума мурун болгон. Практикант кыз шаардагы окуу жайлардын бириндеги юридикалык факультетте билим алып, өндүрүштүк практикасын Токмокто РИИБде өткөрүп жаткан. Ал жерде иштеген тергөөчү ал кызды иш бөлмөсүнө киргизип, колуна кишен салып сексуалдык мүнөздөгү аракеттерди жасап баштаганда дос кызы жардамга келип калган. Студент кыз арыз менен прокуратурага кайрылып, иш сотко чейинки өндүрүшкө алынды. Ал эми 26 жаштагы «аӊги» чалыш тергөөчү кызматтан алынды

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here