Бүгүн соттолуучуларга акыркы сөз берилди. Алар баары тең күнөөсү жок экенин айтышты. Свердлов райондук сотунда баш калаанын Жылуулук электр борборун оңдоп-түзөөдөгү коррупцияга байланыштуу сот өкүмү чыкты.

Мурдагы премьер-министр Сапар Исаков 15 жылга кесилип, мамлекеттик сыйлыктарынан ажыратылды. Дипломатиялык рангы, II даражадагы «Манас» ордени жокко чыгарылды. Аны менен бирге мамлекеттик кызматтарда үч жылга чейин иштебей турган болду. Мындай өкүмдү Свердлов райондук сотунун судьясы Инара Гилязетдинова чыгарды.

«Улуттук энергохолдинг» компаниясынын мурдагы төрагасы Айбек Калиев да 15 жылга эркинен ажырады. Мүлкү конфискацияланып, Ардак грамотасы, «Даңк» медалы жокко чыгарылсын. Мамлекеттик кызматтарда үч жылга чейин иштебесин. Ошондой эле 2011-жылы чыккан Toyota Land Cruiser Prado 150 үлгүсүндөгү унаасын сатуудан түшкөн 1 627 801 сом мамлекеттин эсебине алынсын», — деп жазылган өкүмдө.

Мурдагы өкмөт башчысы Жантөрө Сатыбалдиевге 7 жыл 6 ай, «Электр станциялары» ишканасынын мурдагы жетекчиси Салайдин Авазов 11-жыл 3 айга абакка кесилди.

Мурдагы энергетика министри Осмонбек Артыкбаевге 5 миллион сом айып салынды. Айыпталуучулардын айрымдары жаза мөөнөтүн өтөп бүткөнү үчүн жана чыгымды төлөп бергени үчүн бошотулду.

Прокуратура Сапар Исаковду 15 жылга, Айбек Калиевди 17 жылга, Жантөрө Сатыбалдиевди, Салайдин Авазовду, Жолдошбек Назаровду жана Темирлан Бримкуловду 11 жыл 3 айга, Ольга Лаврованы 7 жыл 6 айга эркинен ажыратууну, Осмонбек Артыкбаевге 100 миллион сом айып пул салууну суранган.

Мурдагы премьер-министр Сапар Исаков ЖЭБди оңдогону үчүн сыймыктанарын айтты. Экс-премьер Жантөрө Сатыбалдиев абийири Мекенинин, бала-бакырасынын алдында таза экенин билдирди.

Прокурорлор сот жараянында буга чейин эркиндикте жүргөн мурдагы финансы министри Ольга Лаврованы сот залынан камакка алып, аны 7 жылга эркинен ажыратууну соттон өтүнүшкөн.

Айыптоочу тарап «Улуттук энергохолдинг» компаниясынын мурдагы жетекчиси Айбек Калиевге 17 жылдык жаза мөөнөтүнөн сырткары андан Ардак грамотасы менен «Даңк» медалын алып салып, ТВЕА компаниясынан алынган автоунааны сатуудан түшкөн 1 миллион 627 миң сомду өндүрүүнү суранган.

Жантөрө Сатыбалдиевди, «Электр станциялары» ишканасынын мурдагы жетекчиси Салайдин Авазовду, анын ошол кездеги орун басары Жолдошбек Назаровду жана ЖЭБди модернизациялоо долбоорунун мурдагы аткаруучу директору Темирлан Бримкуловду 11 жылга кесип, үй-мүлкүн конфискациялап, мамлекеттик сыйлыктары менен наамдарынан ажыратууну өтүнгөн.

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here