Интернет желесине «Коопсуз шаардын» камералары тарткан Бишкектин көчөлөрүндө сүрөт жарыяланып, кызуу талкууга алынууда. Көрүнүп тургандай 578 ACD мамлекеттик номери беш башка унаага тагылып жүргөнү тартылып калган. Алардын биринде 2019-жылдын 1-декабрында Ибраимов көчөсүндө 73 км-саат ылдамдыкта ошол номер тагылган ак «Мерседес» маркасындагы унааны башкарып бараткан айдоочунун аракети коомчулуктун көӊүлүн катуу бурду. Ал айдоочу жанындагы айымдын көкүрөгүнө колун салып бара жатканы сүрөттө көрүнүп турат. Соцтрамактардын колдонуучулары жана Кактус меди баштаган айрым ЖМКлар бул айдоочу КРнын Мамлекеттик каттоо кызматынын башчысы Алмаз Мамбетов экенин жазышкан. Ал эми анын жанындагы айымды орун басары дегендер да бар. Бирок азырынча бул боюнча так маалымат жок. Бул маселе бүгүн парламентте да көтөрүлүп, өкмөт башчы да бул боюнча сөз кылды.

Алмаз Мамбетов сүрөттөгү айдоочу ага окшош экенин моюнга алып, бирок, анын мындай унаасы, номери жок экенин айтты.


ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here