Гапар Айтиев атындагы көркөм өнөр музейинин мурдагы директору Мира Жангарачевага болгон коркутуулар жана музейде уюштурулган феминнале боюнча материалдар Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, териштирүү жүрүп жатат. Бул тууралуу ички иштер министри Кашкар Жунушалиев Жогорку Кеңештин 5-декабрдагы жыйынында билдирди.

Министр өз сөзүндө:

— Музейде болгон иштер жана музейдин мурдагы директору «коркутуулар болду» деген арызынын негизинде тергөө жүрүп жатат. Бул факт Биринчи Май райондук ички иштер бөлүмүнө Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталды— деди

Министр депутат Курманкул Зулушевдин «Музейде болгон иш-чара боюнча кандай мыйзамдуу чечим кабыл алынды?» деген суроосуна жооп берип жатып айтты.

Эске сала кетсек, Гапар Айтиев атындагы көркөм өнөр музейинде 27-ноябрда феминнале иш-чарасы башталган. 2016-жылы Москвадагы басмаканада чыккан өрттө каза болгон 17 кыз-келиндин элесине арналган 17 күндүк көргөзмөгө аялдардын укугун коргоо боюнча сүрөттөр, экспонаттар коюлду. Алардын бири — денесин сатып иштөөгө мажбур болгондордун көйгөйүн чагылдырган экспонат катары чыккан жылаңач аял дароо социалдык тармактарда талкууга түштү.

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here