—Шайлоо мыйзамы, 9 пайыздык босого боюнча кандай пикирдесиз?

—Менимче бул маселе дале болсо депутаттардын колунда. Алдыда дагы талкуу болот. Азырынча 9 пайыз болуп турганы менен балким 5ке чейин, же мурункудай эле 7 пайыздык эреже болушу мүмкүн. Чынында 9 пайыздык босого көптүк кылат.

Мелис Аспековдун сизден акча талап кылганы, сизге саясый чагымчылдык кылып жатканы да кызуу талкууга алынды. Ал айтып жаткан арак заводунун күнгөй-тескейи, чынында Аспековдун артында да күчтөр турары айтылды. Кимдер экенин биле алдыӊызбы?

—Арак заводу боюнча маселени текшерип бергиле деген арызымды тиешелүү органга бергем. Ал боюнча да менден маалымат катары сурашат болуш керек. Мен ошол маселенин жообун күтүп жатам. Анткени, элге жообун айтышым керек да.  Чынында бул маселеде Аспеков жалгыз эмес экени айтылып келатат. Аны тукуруп жаткандарды четинен билип жатам. Ал тургай   анча-мынчаларын тактап койдум. Учуру келгенде айтам. Ал учур кандай гана болбосун  келет деп ойлойм.

—Быйылкы жылдын эӊ чоӊ  иш-чара, мааракеси – бу Турдакун Усубалиевдин 100 жылдыгын белгилөө болду. Ал кишинин ысымын түбөлүккө калтыруу үчүн атын чокуга, аянтка, көчөгө, музейге, районго ж.б. берүү демилгеленип, айрымдары ишке ашты. Көбү ишке ашпай калды. Сиз бул иш-чарага активдүү катышып жүрдүӊүз. Артыкчылыгы менен кемчилигин белгилеп айтсаӊыз?

—Мен Усубалиевдин мааракеси мамлекеттик  деӊгээлде өтсүн, анын ысымы Киев сыяктуу көчөлөргө, имараттарга, районго берилиши керек деп демилге көтөргөн депутаттардын бири болгонума сыймыктанам. Чындыгында бул сунуштар акырындык менен ишке аша турган болуп, тиешелүү чечимдер кабыл алынып жатат.  Президент дагы Усубалиевдин ысымын Бишкектин бир районуна ыйгаруу маселесин колдой турганын  билдирди. Баарыбыз эле Биринчи Май районуна берилет деп турабыз. Себеби, Усубалиев агабыздын өмүрүнүн көбү ушул райондо өткөн да.

Кандай гана болбосун Усубалиевдин ысымы Кыргызстандын тарыхында алтын тамгалар менен  жазылып калышы керек. Биз мына ушул маселеге басым жасап, ишке ашырышыбыз керек. Менимче,  мамлекеттик улуу ишмерибиздин ысымын көчөлөргө, административдик  имараттарга, көчөлөргө, райондорго ыйгаруу менен бирге  өмүрүн, ишмердүүлүгүн тыкыр иликтөө иштери эми гана башталып жатат.  Мунун баары ал залкар инсандын эмгегин баалоонун башаты гана болушу керек. Бул иш мындан ары да ийгиликтүү уланышы керек!

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here