Чыныбай Акунович, өткөн жумада өкмөт  парламентке сунуштап алып келген бюджетти кабыл алып, жактырып бердиӊиздер. Бир топ депутаттар тарабынан көп сын айтылды, дагы бир тобу өкмөткө ачык эле кошомат кылып жасакерленгенин да көрдүк. Деги эле ушул бюджет маселеси сиздин купулуӊузга толдубу? Аз да болсо артыкчылыктары болдубу?

—Купулга толгон жагын айтайын. Мен эки жылдан бери өкмөткө бир топ кат жазып кайрылып келаткам. Ал каттарда негизинен экономикалык өсүшкө багытталып, анализдер менен жазылып, жүйөлүү сунуштар жазылган. Мисалы, түшүп жаткан салык, бир катар мыйзамсыздыктар боюнча жазылган. Өкмөт буга чейин мага расмий жоопторду да жөнөткөн. Менин жазган каттарымда айтылган маалыматтар, сунуштар  өкмөт башчынын бул багыттар боюнча жүргүзүп жатканын аракеттерине  аздыр-көптүр негиз болуп жатканын мен анын сөздөрүнөн байкай алдым. Салык, акциздик маркалар, контрабанда, мыйзамсыз иштер… Бир сөз менен айтканда бүгүнкү бюджеттин толбой жатканын далилдер менен  негиздеп бир-бирден көрсөткөм. Мына ушул маселелерге аз да болсо жооп алгансып турам. Эгер өкмөт башчынын парламентте айткандары эртеӊ  ишке аша турган болсо, анда биз көтөргөн маселелер жай болсо да ишке ашып жатат деп айтуу үчүн дагы убакыт керек болот. Өздөрү да эмдиги жылы ушул маселелер боюнча жыйынтык чыгарабыз дешти. Байкап туралы.

Аз күн мурун так санын чындыкка жакындатып айтканда 1500дүн тегерегиндеги адам Ак үй алдына Раим Матраимовдун жоопко тартылышын талап кылып митингге чыгышты. Мындай митингдер дагы уланары, башталышы жаман эмес болгондугу айтылды. Сиз бул көрүнүштү кандай кабыл алдыӊыз?

—Кандай гана митинг  болбосун  ал эл ичинде айтылып жүргөн фактыларга, адамдардын көӊүлүн ооруткан жагдайларга, же кайсы бир көйгөйлөргө негизделет эмеспи. Жакында Ак үй алдында болгон митингге деле ошончо эл бекеринен чогулган жок. Көйгөй бар, ошол эле атын аташкан адамга нааразычылык болгон үчүн ушундай иш-чара болсо керек. Бийлик эми бул маселеге туура баа берип, эл айтып жаткан маселелерге көӊүл бурушу кажет.

Жалпы эл Раим Матраимовду камоо талабын коюп жатпайбы. Президент ал кадамга барбаса, элдин талабын аткарбаса өзү деле кандайдыр бир туӊгуюк жолго кептелип калчудай болуп турат. Сиздин оюӊуз кандай?

—Менимче, президент жакында өтө турган Коопсуздук кеӊешинин жыйынында ушул айтылган маселелерге жооп берет. Ошол жыйында  конкреттүү чечимдер кабыл алынып, элге татыктуу жооп берет деп мен да ишенип турам.

Өлтүрүлгөн Саймаитинин Раиммиллиондон тышкары Абдукадыр Хабибулла деген  ири бизнесменге  “кол бала” болуп  кызматын кылганы эч кимге жашыруун болбой калды. Ал киши Атамбаев менен дагы, Жээнбеков менен дагы жакшы мамиледе болгону көп айтылып жатпайбы. Сиз чоӊ бизнестен чоӊ саясатка келип, фракция лидери, спикер болгон адамсыз. Балким, ал адамды сиз да жакшы тааныйт чыгаарсыз. Таанысаӊыз анын чоо-жайын, мурунку жана азыркы президент менен болгон мамилесин ачыктап берсеӊиз?

—Мен ал адам менен тааныштыгым жок. Көргөн да эмесмин. Ал киши менен эч кандай кызыкчылыгым да болгон эмес. Ал эми анын мурунку жана азыркы президент менен кандай  мамиле түзгөнүн да билбейт экенмин. Убагында андай нерселер мага айтылган эмес. Ачыгын айтканда ушул окуяларга чейин ал адам тууралуу билген эмесмин.

Жакында сиз партия же кандайдыр бир  уюм түзө турганыӊызды кыйытканыӊыз менен,  баса белгилеп, дааналап айтпадыӊыз. Коомчулук: “Чыныбай Турсунбеков партия түзөт экен” деген түшүнүктө калды. Мына ушул маселенин чоо-жайын кененирээк айтып берсеӊиз?

—Албетте, бул маселе күн тартибинде турган маселе. Экономикалык багыттар боюнча өзүмдүн көз караштарым бар. Инвесторлор менен иштешип келаткан адам катары, Кыргызстан ишкерлер союзун бир канча жыл жетектеген адам катары ички, тышкы инвестиция,  бизнес саясаты кантип жүрөт, салыкты кайсыл багыттан көбүрөөк чогултса болот деген маселелерди жакшы эле билем. Биздин мамлекет көп жылдан бери транзиттик экономиканы жүргүзүп келдик да. Ал транзиттик экономика менен бир топ адамдар бутка турду дегендей. Бирок Бажы биримдигине мүчө болуп киргенибизден бери транзиттик экономикабыздын доору бүтүп баратат. Себеби, талаптар башка болуп калды. Азыр сырттан товар алып келүү оӊой-олтоӊ иш эмес. Мындай  көрүнүш дагы да оорлоп, курчуп кетиши да мүмкүн. Биз ЕАЭСтин мүмкүнчүлүктөрүн кеӊири пайдаланып , Кыргызстанга товар гана алып келбестен, Кыргызстандан башка мамлекеттерге товар жөнөтүү, чыгаруунун аянтчасы кылып түзүүгө жетишибиз керек.  Бул нерсе экономикалык жактан аба менен суудай эле керектүү зарыл маселе болуп турганын четке кага албайбыз. Ал үчүн биздин ички салык мыйзамдарыбыз атаандаштыкка туруштук гана бербестен, атаандаштыкты жеӊе тургандай шартта болушу зарыл. Экономикабызды мына ушул багытка бурбасак, биздин мамлекетке товар чыгара албай, сырттан келген товарларды керектөөчү гана  мамлекет болуп калышы мүмкүн. Ошондуктан өзүбүздүн товарды өндүрүп, сыртка, айрыкча ЕАЭСке экспорттой турган  күчкө ээ болушубуз бүгүнкү күндүн талабы. Мына мен ушул багытта иш жүргүзө турган күчтөрдүн биригишин каалайм жана Кыргызстандын саясый экономикасын өзгөртүп, бийиктикке көтөрүшү керек деп эсептейм.

—Кыскасы, ушундай асыл максаты бар адамдардан саясый уюм, же партия түзөсүз деп түшүнсөк болот экен да…

—Эми бул аракетибиз кырдаалга жараша сен айткандай уюм дагы,  же саясый партия дагы болуп калышы мүмкүн. Бир сөз менен айтканда экономикалык максатты көздөгөн уюм болушу керек да. Башка саясый күчтөр менен биригүү максаты да бар экенин жашырбай ачыктап коёюн.

—Ушу тапта уюштуруу иштери болуп жатса керек?

—Мына ушул  жерден бул маселеге чекит коё туралы. Калган суроолоруӊа кийинчерээк жооп берем.

Макул дейли. Бирок сиз эмне үчүн өзүӊүз айткан экономикалык багыттагы уюмду, же партияны буга чейин, мурун эле түзгөн жоксуз? Окурмандар: “Турсунбеков  азыркы бийлик менен анчалык жакшы мамиледе болбой жатканынан улам, же  балким мурунку бийлик башындагылардын азыркы ахыбалын кийин ушундай аракеттерге барып жаткан турбайбы” – деген ойго келиши мүмкүн. Ошон үчүн мындай ойлорго да жооп айтпасаӊыз болбойт… 

—Мен эми саясатка кеч келгеним үчүн саясатты кеч түшүндүм да. 10 жыл бою бекер жүргөнүм жок. Чынында мен да саясатка бир саясый күчтөр менен келип, жогору айтылган бийик максаттарды ишке ашыралы деп аракет кылдык. Бирок чоӊ саясатта менин идеямды коштоп кете турган союздаштар азыраак болуп калып, көбүнчө жеке амбициялардын алдыӊкы планга чыкканын көрдүм.  Бирок андай көрүнүштөр акыры жеке кармаштар аркылуу артка сүрүлүп калып жатканын байкап жаттык. Андай жол менен кете берсек, ал жолдун түбү кармаштардан башка жолго алып барбасын турмуш өзү далилдеп жатпайбы.

Суроо салган, Айбек Шамшыкеев

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here