«Сөз чынынан бузулбайт»- деген жакшы сөз бар эмеспи. Чынында Камчыбек Ташиевдин кыргызга, кыргыз улутунун баалуулуктарына күйүп-бышып кеткен мекенчилдик жагы  бар. Бул жагын танбашыбыз керек. Бирок Камчыкеде кашайып, коррупционерлерди «пир туткан» «ит оору» менен «ооруп» калмай жаман адаты бар. Буга көп мисалдарды келтирсек болот. Кыргыздын атагынан чатагы арбын, ашмалтайы жедеп чыгып бүткөн,  тазалык дегенден тамчы сууда да калбай калган Өмүрбек Бабановго жанашып, аны менен «эрди -катындай» болуп жүрүп, ортодо ажырашып кеткендей болгон, бирок кайра экөө бири-бирине «көз кысышып»,  «сезимдери ысышып» жатканы боюнча ЖМКларда кеп кетти. Мунусу го бул дейли. Биздин негизги айталы дегенибиз Камчыкеӊ, «Азаттыктын» эфиринде жалпы коомчулукка желмогуздан да жаман көрүнүп, каргыш айтылып жаткан РАИММИЛЛИАРД дегенди апендинин кызындай мактап, аз жерден анын этегине намаз окуп жибере жаздаганы да кызуу талкууларды жаратпадыбы. Эл билет, ошол РАИММИЛЛИАРДдын акырынан атка минерлер, мурда кийин кызматта жүргөндөрдүн көпчүлүгү  жем жешип,  курсактарын кампайтып алышып, кутуруп жатышпайбы. Камчыкеӊ да ошолордун катарында деген ой жаралды. Эмне дейли, элин ойлобой  Матраимовдордун кланына кызматын кылып, ошолорду калкалап калгандарга каргыш  айткандан башка арга деле калбады.

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here