Эчактан бери эл ичинде АКШнын акырынан жем жеп келет деп айтылып келаткан айтылуу бейөкмөтчү, кыргызга улуттук баалуулуктарды тебелеп-тепсеп, Быгыштын демократиясын таӊуулап жедеп жек көрүнүп бүткөн  Рита Карасартова Башталгыч кесиптик билим берүү агенттигинин директору болуп дайындалды. Буга чейин Калича Умуралиева дегенди Бишкектеги парктардын бирине чоӊ болгон.  Бул бейөкмөтчүлөр чындап эле теӊирден тескери иш жасашып, элдин кыжырын кайнатып келаткан башка мамлекеттердин “агенти” болуп алышканын мезгил өзү тастыктап койгон. Мисалы 3 жаштагы наристе  атасы, же кайсы бир зөөкүр тарабынан зордукталса, булар жабылып алып  ал кыздын эмес, ошол зордуктаган зөөкүрдүн  укугун көбүрөөк коргошот. Анан бийлик мына ушундайларга күнү түшүп, өздөрүн сындап койсо бөжөктөп кызмат берип, оозун жаап жатканы жакшы эмес. Карасартова, Байсалов, Жээнбеков баштаган НПОшниктер быйыл жазда Бишкекте гей-парадга чыгышканы жалпыга маалым. Байсалов ошондой багыттагы адамдарда колдоп, кошоматка төө союп, мурунку бийликти сындап жүрүп, ошол кызматына Англиянын элчилигин «устукан» катары алды. Жакынкы күндөрү дагы бир «коррупционер», гей-парадчы, НПОшник Жээнбековго бакыйган кызмат береби деген ой келет.

Бишкекте 12-мартта өткөн гей-парад

Эми мынча болду Умаралиева, Карасартовадан тышкары Исмаилова, Абдырасулова деген атактуу бейөкмөтчүлөргө деле бакыйган кызмат бергиле да. Маселен, Исмаилованы Юстиция министри кылып салгыла, Абдырасулованы президенттик аппараттын сот, укук маселесин тейлеген бөлүмүнө башчы кылгыла. Эч тартынбагыла, силерге кошомат кылгандар менен эле сындап ажылдагандар элек керек окшойт. Ошондой аты бар, заты жоктор менен элди бир жыргаткылачы, биз дагы да күтө туралы. Кызы талак, иттики десе…

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here