Саймаитинин өлүмүн иликтөөнү укук коргоо органдары катуу жүргүзүп жаткандай түр көрсөтүшүп жатышат. Маселен,   башбакан Абылгазиев, депутаттар Сулаймановду, Төрөкуловду, президенттин иш башкармалыгынын башчысы Турдуназир Бекбоевди, мурунку депутат Ширин Айтматованы УКМК суракка чакырганын жар салды.  Сулайманов суракка кирип чыгып, Саймаити менен 10 жыл мурун Кара-Суу базарынан таанышканын айтты.

Бул адамдар бир эмес миӊ жолу сурак беришсе да, бул маселедеги эӊ негизги сыр түйүнүн коомчулукка ачыкташпайт. Жыйынтыкты бир аз айтымыш болуп, калганын катышат. Себеби, көп нерсе Матраимовдорго барып такалары бышык. Ал эми алардын кланына  УКМК эмес,  президент өзү баш болуп тиши өтпөй жатканда эмне кепти айтып куурадык.

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here