—Аскар байке, Бажы биримдигине киргенден бери экономикабызда жеӊилдиктер болбой эле, оорчулуктар көп болуп жатат деп сынга  алып жаткандарды угуп жатасыз. Мына жакында Бажы биримдигине мүчө болбогон мамлекеттерден Кыргызстанга машиналарды алып кирүүгө бажы төлөмүн 11 пайызга көбөйтүп койду. Өкмөттүн бул боюнча сунуштары Орусияда кабыл алынган жок. Сиздин пикирди уксак…

Бажы биримдигине мүчө болуп, биргелешип иш алып барып жаткандан кийин, ошол уюмдун шарттарына көнүп жашашыбыз керек. Бул уюмдун биринчи максаты өзүнүн өндүрүшчүлөрдүн укугун коргоо  жана  ошол өндүргөн товарларды башка мамлекеттерге экспорт жасоо болуп эсептелет. Бизде болсо дээрлик товарлардын баардыгын башка мамлекеттерден алып жатпайбызбы. ЕАЭС мына ушул жагдайды колго алып, керектүү товарлардын баарын  ушул уюмга кирген мамлекетер өздөрү чыгарууну максат кылууда. Ошондуктан сырттан кирип жаткандарга соодада башка баалар коюлуп жатат. Сырттан кирген   машиналарга бажы төлөмдөрүн көтөрүү маселеси деле ушул багытта кабыл  алынган чечим. Бирок азыр ЕАЭСке мүчө болгон Россияда деле мыкты машиналар чыгарылып жатканын унутпашыбыз керек. Мисалы, Япония менен биргелешип “Тойота” заводу, Германия менен бирдикте “Мерседес”, “Фольсфаген”, ошондой эле Корея менен дагы “Хундай” заводдору салынды. Мындан ары машиналарды башка мамлекеттерден албай, өзүбүздөн алып, өндүрүштү өнүктүрөлү деген саясатты күчөтүнүү көздөп жатышат.

—Бул маселеде биринчи орунда экономикалык кызыкчылык десек туура болот да…

—Экономикалык саясат, экономикалык кызыкчылык кандай болгон учурда да мамлекеттин кызыкчылыгына багытталат да. Биздин  мамлекет Россия менен узак жылдардан бери стратегиялык өнөктөш болуп келатат. Баарыбызга маалым, бизге көптөгөн  чоӊ жардамдарды берди. Ал тургай өткөн кылымдарда караӊгычылык жашоодон алып чыгып, сабатсыздыгыбызды жоюп, билимге сугарды. Айтор, бул жагын айта берсек абдан эле көп. Андыктан, биз мына ушул тарыхта  калган окуяларды унутуп, кайдагы алыскы мамлекеттерге жабыша бергенибиз деле жакшы болбос. Азыр Россия бир топ кыйынчылктарды башынан кечирип жатат. Ошондой болсо да ал сыноолор Россияны кайра такшалтып,  чыӊалтып, алдыга сүрөп жатканын байкап жатпайбызбы.  Жалпылап айтканда бул аракеттер экономикадагы атаандаштыкты туруктуу, күчтүү кылууга багытталып жатат десек болот.

—Айрым депутаттар, эксперттер  ЕАЭСтен чыгуу талабын айтып жатышпайбы. Сиз ЕАЭСтин пайда, зыянын өзүӊүз негиздеген “Дордойдун” мисалында  учкай  айтып береӊиз? Эмнеге дегенде  бул биримдик түзүлүп жаткан учурда  биринчи сокку “Дордойго” тийет деген ар кандай көп кептер айтылбады беле…

—Чынында биздин “Дордой” ЕАЭС түзүлүп жатканда каршы болгон. Ошол учурда товарлардын баары кыматтап кетет экен, анан өтпөй калат экен деген сөздөр көп айтылып кетпедиби.

А. Салымбеков: Кыскасы, ал жерде иштеп жаткандар  шарт түзүү маселеси боюнча бизге нааразы эмес. Анан акырындык менен “Дордойдун” кире беришине 3 кабаттуу соода борборун куруп жатабыз.

Бир гана сокку болду. Ал Атамбаевдин тушунда пикир келишпестиктен улам Казакстан чек араны жаап койбоду беле. “Дордойдогу” товардын 20 эле пайызы Кыргызстандын керектөөсүнө кетсе, 80 пайызына чейин  башка мамлекеттерге экспортко кетет. “Дордой” 70-80 пайызга чейин иштебей токтоп калышы мүмкүн экенин байкадык да.Мына ошол чек ара жабылган  учурда “Дордой” базарына, ал гана эмес башка ишкерлерге да кыйынчылыктар жаралган. Ошол учурда элдин баары Атамбаевге кат  жазып кайрылбадыбы. Эгер чек ара жабылып калса, Калган учурда ЕАЭСтин зыяны  “Дордойго” зыяны тийген жок. Азыр мурункудай эле күжүлдөп эле иштеп жатат. Орун жок, баягыдай эле толтура эл. Алуучудан сатуучу, сатуучудан алуучу көп болуп, соода  Кудайга шүгүр, жүрүп жатат.

—Демек, “Дордойдун” ийгилиги мурункудай эле болуп жатат десек эч жаӊылышпайбыз…

—Ооба. Эми бул маселени эл өзү көрүп жатпайбы. Биз базардын ичи-тышы, тегерегин баарын иретке келтирип, таманташтарды төшөп, электр зымдарын, жабдыктарын алмаштырып, жарыктандырып,  таза суу киргизип, кароолчуларды күчөттүк,  жаӊы жолдорду салып, дарбазаларды ачып бердик. Кыскасы, ал жерде иштеп жаткандар  шарт түзүү маселеси боюнча бизге нааразы эмес. Анан акырындык менен “Дордойдун” кире беришине 3 кабаттуу соода борборун куруп жатабыз. Кудай буюрса, базардын аймагында (албетте, контейнерлер калат) ошондой соода борборлорду дагы да  салуу ниетибиз бар. Базарыбызды, базардын баардык аймагын заманбап кылып койсок деген асыл максатыбыз бар.

—Эми кеп соӊунда шайлоо тууралуу жаӊы мыйзам, 9 пайыздык босого тууралуу да оюӊузду уксак…

—Ушул шайлоо мыйзамдарын улам эле өзгөртө бергендин өзү жакшы эмес го. Жакшы бир жыйынтыкка келип, шайлоодон шайлоого чейин эле жашабай келечекти тереӊ акыл-эс, кыраакы көз караш менен карап жашасак жакшы болот эле. Кыргызстан эмне үчүн эмдигиче өнүкпөй жатат? Кептин баары болбосо да, көбү ушул шайлоолордун таза эмес өтүп, элдин ишеними акталбай жаткандыгында болуп жатпайбы. Кандай гана болбосун биз канча шайлоо өткөрбөйлү, таза шайлоо өтүп, таза адамдар келмейинче биз өнүкпөйбүз. Буга чейин шайлоо мыйзамында босого 7 пайыз деп көрсөтүлгөн. Кыргызда “Жетинин бири кыдыр”- деп бекер айтылган эмес. Менимче, ошол 7 пайыздык босого эле туура болмок.  Азыр ар ким ар кандай айтып жатпайбы. 3 пайыз дагы, 5 пайыз дагы, 9 пайызы да кереги жок. Ошол 7 пайыз эле туура болот эле…

  Суроо салган Айбек ШАМШЫКЕЕВ

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here