Таалайбек мырза,  сиз  депутат болгонго чейин Бажы тармагында көп жыл иштеп,  бул тармактын күнгөй-тескейин жакшы билесиз. Аталган кызмат илгертен  коррупцияга маалынганы көп айтылып, сындалып келет. Бул маселе боюнча кандай пикир атасыз?

—Бажы кызматын өкмөттүк эмес уюмдар коррупция боюнча рейтингде алдыӊкы бештикке киргизип жүрүшкөнүн эл билет. Бирок алар кандай далил, кандай ыкма менен киргизишкенин мен билбейм. Бажы кызматы таптаза, коррупциядан алыс деп айтсак эч ким ишенбейт. Ошон үчүн бул боюнча кемчиликтер бар. Мен башкаларды коюп өзүмө жооп берейин. Мисалы, мен жооптуу кызматта иштеп турган учурда коррупция  беренеси менен кылмыш иштери козголгон эмес. Бул факт! Ал эми Бажыда  пара алуу сыяктуу көрүнүштөр болуп келген. Бул да болсо коррупциянын элементтери десек болот.

-Контрабандалык көмүскө иштер тыйылбай эле, тескерисиче көбөйүп кетти го…

  — Бүгүнкү күндөгү контрабанданын көбөйүшү боюнча көйгөйдү паралментте улам айтып жатам. Мыйзамды сактаган ишкерлер  да коӊгуроо кагып жатышат. Алар тиешелүү салыгын төлөшөт. Бирок базарга товарларын алып чыкканда контрабандалык жол менен базарга кирген товарлардын айынан киреше таба албай калып жатышат. Себеби, контрабандалык товарга эч кандай салык төлөбөсө, анан базардан арзан сата берет да. Мен мына ушул жагына басым жасап айтып, катуу көзөмөлгө алышын сунуш кылып келем.

—Кытайдын бажысы менен Кыргызстандын бажысынан өткөн товар, акчанын көлөмү боюнча чоӊ айырма чыгып жатпайбы. Тактап айтканда, 3,5 млрд. долларга чейин… Бул жагын сиз жакшы билесиз. Коомчулукка эки мамлекеттин эсептөө айырмасын айтып берсеӊиз?

—Кытай 5 миллиард доллар болсо, биздики 1,5 миллиард доллар. Албетте, айырма чоӊ. Кытай Кыргызстандын чек арасы аркылуу өткөн товарлардын баарын эсепке алып, бир статистика кылып карайт. Бул жагын деле салыштырса болот. Тышкы иштер министри тактаса, мисалы Өзбекстанга кеткен товарлардын да көлөмү так чыгат. Мындай көрүнүштү бир  кошуна өлкөлөрдүн статистикасы менен да салыштырып көрүү керек.

Дагы бир кызык мисал. Тажикстан РОГУН ГЭСин курушпадыбы. Мына ошол курулушка кеткен курулуш ж.б.  маалыматына кызыгып билгендерден сурагам. Алар айтышат. Бул боюнча бир маалыматта бийик үйлөрдү кура турган  30 даана  «Кран» деп жазылып турса, дагы бир маалыматта 700 миӊ  даана «Кран»деп жазылып турат дейт. Эми өзүӊүз ойлоӊуз, 700 миӊ даана «Кран» Кыргызстанга, же Тажикстанга батабы? Өтө чоӊ көлөм да. Мына ушундай мүчүлүштүктөр да болсо да эсепке жазылып калган учурлар кездешип келген да. Азыр мына статистика бир топ жакшырып калды. Россия статистиканы Кытайдан түз ала турган болду. Кытайдан Кыргызстанга, Казакстан, Өзбекстанга канча кетип жатканын  маалыматты түз алып, тез эле эсебин чыгарып коюшат. Азыр ошондой укугу бар.

—Азыр  күн тартибинде, Саймаитинин  өлүмү, аны иликтей турган депутаттык комиссия, Матраимовдордун кланы, аларга каршы болуп өткөн митинг маселеси  дале болсо кызуу талкууда. Мына ушулар боюнча кандай пикирдесиз?

—Журналисттик иликтөөдөн улам Саймаити, анын чоо-жайы, Кыргызстандан чыгарылып кетти делип жаткан 700 млн. доллар ж.б. маселелер ачыкка чыкты. Журналисттер өздөрүнүн мүмкүнчүлүгүнүн жетишинче, өзүнүн тапшырмасын, атуулдук милдетин  аткарды десек болот.  Эми калган ишти укук коргоо органдары аныктап, тактап,  элге  жеткириши керек. Антпесе нааразычылык токтобойт да. Ал эми депутаттык комиссияга, Алмамбет Шыкмаматов, Мирлан Жээнчороев сыяктуу курч депутаттар мүчө болуп киришпедиби.  Менимче, жыйынтык чыгарышканга аракет кылышат

—Ушунча болду  коомчулукка  «желмогуздай» эле жек көрүндү болуп бүткөн  РАИММИЛЛИАРД  менен  мамилеӊиз кандай экенин билсек. Кантсе  да бир тармакта иштеп калдыӊар дегендей…

—Мен эми азыр азыр РАИМди тааныбай десем эч ким ишенбейт жана уят да болот. Ошон үчүн болгонун болгондой эле айтайын. Ооба, бир тармакта иштедик. Жакшы таанышмын. Саламым түз. Жамандык-жакшылыктарда кездешип калам. Жеке эле Раим менен эмес менин мамилем ошол Бажы тармагында иштегендердин дээрлик баары менен эле жакшы. Бирок алардын көбү 20 жылдык кызматын кылып, пенсияга кетишкен. Мен да алардын катарындамын. Мисалы, Адамкул Жунусов, Айбашевдер менен дагы чогуу иштедик. Чогуу иштеген кесиптештеримди кантип тааныбайм деп айтам. Болгон чындык ушундай.

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here