Бүгүн Свердлов райондук соту Бишкек ЖЭБди модернизациялоо тууралуу кылмыш ишин кароону улантты. Бул иш судья Инара Гилязетдинованын төрагалыгы алдында өтүү.

Бул ирет тараптардын жарыш сөзүнө кезек берилди. Мурунку өкмөт башчы Сапар Исаков дээрлик 2 саат бою сүйлөдү. Ал өз сөзүндө кылмыш ишинин баардык майда-чүйдөсүнө чейин айтып берди. Ал бир жарым жыл мурун аны калпычы кылып чыгарып коет деп ойлогон да эмес.

Кеп кезегинде Сапар Исаковдун нерви чыдабай кетип, ал ыйлап жиберди. Исаков буларды айтты:

-Кылмыштын курамында жок болгондуктан мени жана башка айыпталуучуларды актоону суранам. Такыр болбосо менден башкасынын баарын чыгаргыла, анткени башкы максат менмин. Мени отургузуш үчүн калгандарын дагы отургузушту. Мындан тышкары унааны үй-бүлөмө калтырууну суранам, анткени 4 кызымды жубайым мектепке, балдар бакчасына ташыйт. Унаасыз кыйын болот…

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here