Роза Отунбаева мындай пикирин бүгүн, 3-декабрда “Ата Мекен” партиясынын лидери Өмүрбек Текебаевдин китебинин бет ачаарында «балп» эткизди:

Айылдан ушунча көп адамдар келди, Бишкектин жарымы айыл болду. Эй, биз деген силердин деңгээлиңерге түшүп артка кете албайбыз . Эртең бирөө менин офисиме келип, “эртең баарыңар жоолукчан жүрөсүңөр” десе, ошондой мезгил келеби? Эмненин негизинде кимдир бирөөлөр бизге көрсөтмө бериши керек?

Албетте, мен музейде сөзсүз эле аялдардын жылаңач фигурасын көрсөтүп жүрүүсүн, андагы айрым экспонаттарды актабайм. Бирок, ошону шылтоолоп эле тажрыйбалуу, өлкөнү өзгөртүүнү каалаган адамды кызматтан ыргытып жиберген туурабы? Айылдыктар! Кичине оңолгула! Бир аз болсо да өзүңөрдүн маданиятыңарды көтөргүлө! Болбойт мындай. Заманбап искусство деген бар бүгүн, — деди .

Деги Отунбаева Кыргызстан 70 пайыз айылдан турарын, Бишкек акыркы жылдары чоӊ кыштакка айланып калганын билеби? Деӊгээлге баракелде дегенден башка эмне дейбиз?

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here