Социалдык тармактарга Гапар Айтиев атындагы Кыргыз улуттук көркөм сүрөт музейинде өтүп жаткан сүрөт көргөзмөдө кыздар жылаңачтанып жүрүштү деген видео тарап, ал катуу сынга алынган. Аны көпчүлүк эл душманы, кыргыз улуттук баалуулуктарына каршы чыккан адам катары сыпаттап жатышат. Эске сала кетсек, музейде аялдардын көйгөйлөрүн чагылдырууга арналган көргөзмө ачылып, ал бир нече күнгө созулмак. Сындардан кийин байланыштуу музейдин директору Мира Жангарачева кызматтан алынды.

Сүрөт көргөзмөнүн максаты аялдардын укугун коргоого багытталганы айтылганы менен уят деген маеле жыйыштырылып калган. Бул көргөзмөгө 22 мамлекеттен 50дөн ашуун арт-масетерлер келген. Ал эми ашынган феминистка Julie Savery музей ичинде элди кёзгё илбей, жыпжылаӊач басып жүргөн. Ал бул кадамы менен сойкулардын укугун коргоп жатканын билдирген. Албетте, кутту музейде мындан өткөн нааданчылык, маӊкуртчулук болбосо керек.

Буга чейин Маданият, маалымат жана туризм министрлиги көркөм сүрөт музейинде денесин көрсөткөн кыздар да катышкан иш-чарага каршы экенин, аялдардын укугун коргоону максат кылган бул көргөзмө министрлик менен кеңешилбей уюштурулганын билдирген.

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here