УКМК «Азаттыктын» иликтөөсүнө тиешеси бар адамдардын баары суракка чакырыларын билдирди.

Маалыматта: ишти иликтөөнүн жүрүшүндө Жогорку Кеңештин депутаттары Алтынбек Сулайманов, Дүйшөн Төрөкулов,«Үмүт 2020» саясий кыймылынын түзүүчүсү Ширин Айтматова, президенттин инаугурациясын өткөрүү боюнча жумушчу топтун мүчөлөрү Фарид Ниязов, Мухаммедкалый Абылгазиев, Турдуназир Бекбоев жана башкалар суракка чакырылары айтылат.

УКМК ошондой эле «Азаттык Медиа» мекемесинин кызматкерлери Мухаммедали Токтакунов менен Ыдырыс Исаковду 2-декабрда күбө катары суракка чакырды. Токтакунов «Азаттыктын» Прага шаарындагы баш кеңсесинде туруктуу иштейт. Исаков 2020-жылдын февраль айына чейин Прага шаарындагы кеңсеге кызмат сапарына жөнөтүлгөн.

Кыргызстандын бажысындагы коррупция боюнча журналисттерге маалыматтарды жана жүздөгөн документтерди берген Айеркен Саймаити 10-ноябрда, Стамбулдагы мейманканалардын биринин алдындагы кафеде тамактанып отурган учурунда киши колдуу болуп атып өлтүрүлгөн. Анын өлүмүнө шектүү катары Түркияда төрт киши кармалган. 

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here