Кыргызстандык жеңил атлет Дарья Маслова 1-декабрда Валенсия (Испания) шаарында өткөн эл аралык лицензиялык марафондо олимпиадалык нормативди аткарып, Токио-2020 Олимп оюндарына жолдомо алганын Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттик билдирди.

Дарья Маслова аталган марафондо 2 саат 28 мүнөт 19 секундда марага жеткен. Марафонго олимпиадалык норматив 2 саат 29 мүнөт 30 секунданы түзөт.

Учурда кыргыз спортчулары 2020-жылы Токиодо өтө турган Олимп оюндарына жалпысынан беш жолдомо алган. Алар: балбандар Айсулуу Тыныбекова, Атабек Азизбеков, сууда сүзүүчү Денис Петрашов (эки жолдомо) жана жеңил атлет Юлия Андреева. Буга чейин 20га жакын спортчу жолдомо алууга ниет кылынп жатканы айтылган.

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here