Кыргызстандык спортчу Авазбек Аманбеков кикбоксингдин WAKO версиясы боюнча дүйнө чемпиону болду. Бул тууралуу Кыргызстандын Кикбоксинг федерациясы кабарлады.

Анын маалыматына ылайык, кикбоксингдин WAKO версиясы боюнча дүйнө чемпионаты 27-ноябрдан 1-декабрга чейин Түркиянын Анталия шаарында өттү. Авазбек Аманбеков 57 килограммга чейин салмакта күч сынашып, финалда түркмөнстандык Пыгы Сылабовду жеңип, дүйнө чемпиону атыкты.

Аманбеков мелдешти чейрек финалдан баштап, алгач мавританиялык Мишел Баулук Фабристи, жарым финалда марокколук Хая Аюбду жеңген.

Авазбек Аманбеков өткөн айда кикбоксингдин лоу-кик түрүнөн дүйнө чемпиондугун утту. Ал ушул эле версияда 2013-жылы да алтын байгеге ээ болгон. Аманбеков 2017-жылы Түркмөнстандын борбору Ашхабадда өткөн имарат ичиндеги жана таймаш өнөрлөрү боюнча V Азия оюндарында да чемпион болгон.

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here