«Үмүт 2020» саясий кыймылы Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимовдун жакындарынын Дубайда кымбат балуу батирлери бар экенин айтып чыкты. Саясий кыймыл тараткан видеодо Райымбек Матраимовдун аялы Уулкан Тургунованын жалпы баасы 5,5 млн. доллар деп бааланан эки батири бар экени айтылат.

“Мындай батир алуу үчүн жөнөкөй дарыгер, милиция, бажы кызматкери 2777 жыл иштеши керек”, – деп айтылат видео кайрылууда. Саясий кыймыл бийликтен Матраимовдорду жоопкерчиликке тартууну талап кылат. Матраимовдор бул маалыматтар боюнча азырынча комментарий бере элек. Ал кечээ күнү УКМКга суракка чакырылып, 6 саат сурак берип чыккан

Матраимовдун мүлктөрү тууралуу жакында «Азаттык» радиосу, «Уюшкан кылмыштуулукту жана коррупцияны иликтөө долбоору» (OCCRP) жана анын Кыргызстандагы өнөктөшү «Kloop» сайты кеңири иликтөө жасаган.

Ал иликтөөдө Матраимовдун жубайы Уулкан Тургунованын Дубайда бир нече баалуу мүлктөрү бар экени кабарланган.

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here