Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет бүгүн, 29-ноябрда, Мамлекеттик бажы кызматында мурда төраганын орун басары болуп иштеп кеткен Райымбек Матраимовду күбө катары суракка чакырганын билдирди.
УКМКнын маалымат кызматы мекеме аралык тергөө тобу Жазык кодексинин 130-беренеси («Киши өлтүрүүгө аракет кылуу») боюнча Кылмыштар менен жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган журналисттик иликтөөнүн материалдары боюнча сотко чейинки териштирүүлөрдүн алкагында тергөө иштерин улантып жатканын айткан. Учурда аталган сотко чейинки териштирүүнүн алкагында, Айеркен Саймаитиге карата болгон коркутуу боюнча маалыматтарды толук жана объективдүү жүргүзүү максатында, бардык жагдайларды аныктоого багытталган тиешелүү тергөө иштери жүрүп жатат. Р. Матраимов журналисттик иликтөөдө айтылган баардык жагдайлар боюнча суралмакчы.

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here