Орусия Кыргызстанга МИ-8МТ жана П-18 тик учагын берди. Кыргызстандын Куралдуу күчтөрүнүн Башкы штабы менен Орусиянын Коргоо министрлигинин 2018-жылы кол коюлган келишимине ылайык бул техникалар кайтарымсыз жардам катары берилгени маалым болду.
П-18 радиолокациялык станциясы келе жаткан аба кемесин көрүп, коштоп жана анын кайсы мамлекетке тиешелүү экенин аныктайт. МИ-8МТ тик учагы болсо жөө аскерлердин ишин жакшыртып, асмандан сокку урат. Аскердик техникаларды тапшыруу аземи КР Куралдуу күчтөрүнүн Абадан коргонуу бөлүгүнүн Кант шаарындагы авиатехникалык аймагында өттү.