Парламент депутаты Бакыт Жетигенов өкмөттүн айрым аракеттетирин сынга алып, бул боюнча пикирин Сhagylgan.kgге билдирди.

— Өкмөттүн бир эле ишин айтса болот. 7 жыл алдыга жылбай, созулуп келген  “Коопсуз шаар” долбоорун ишке ашырды. Бирок акча чогултууну максат кылышып, элдин социалдык абалын эске албай айып пулдарды өтө эле жогору коюп салды. Бул жагы абдан туура эмес болуп калды. Башка чеке жылыткан ишин көрө элекмин. Экономикабыз өксүп турат, инвестиция тартай албай жатат. Контрабанда көбөйүп,  көмүскө экономиканын көлөмү азайбай эле арбып жатпайбы. Айтор санай берсек мыдай маанайды түшүргөн иштер көп эле. Мен мисал кылып дагы бир көйгөйлүү ишти айта кетейинчи. Өкмөт Кант — Кайыӊды заводун колдоого алып, сактап калса жакшы болмок.

-Аталган заводдун учурдагы абалы кандай?

-Абалы укмуш деп айталабайбыз. Бирок аракети жакшы эле болуп келатат. Мисалы, Чүй боорунда 200 миӊден ашуун адам дал ушул кызылчаны эгип оокат кылышат.  

Азыркы учурда Кыргызстанга кумшекерди сырттан, тактап айтканда Украина, Россия, Белорусиядан алып келип жатышат, контрабандалык жол менен да кирип жатканы аз эмес. Бирок сапаты биз өзүбүз өндүргөн кумшекердин сапатынан төмөн.  Ошол эле учурда биздин Кайыӊды заводу чыгашага иштеп жатат.  Себеби, сырттан кирип жаткан кумшекер арзан. Биздин завод болсо чыгаша менен иштеп жатат. Бул темп менен көпкө иштей албайт,  банкорот болуп иштебей калышы толук мүмкүн. Өкмөт мына ушул маселеге көӊүл буруп, сырттан кирип жаткан кумшекерди тыйып, контрабанданын жолун  таптакыр бууп салышы керек.

Мына Белоруссияда кумшекердин баасы 42 сом. Россияда 28 сом. Белоруссия Россиядан кумшекер киргизбей, өзүнүн өндүрүшүн коргоп жатат. Биз дагы ошентип коргошубуз керек эле да. Жок дегенде  сезон учурунда 6 айга коргоп, тыюу салсын.  Быйыл деле Чүйдө кызылча азыраак айдалды. Эмки жылдан тартып айдалбай калат. Анан завод ошону менен токтойт. Токтогондон кийин, ашып кетсе, 3-4 жылда кумшекер болуп көрбөгөндөй кымбаттайт. Бирок ал учурда кумшекерди өзүбүз өндүрбөй калгандан кийин эч кандай талап коё албай калабыз.

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here