—Маалым болгондой Аскар Салымбеков агабыз Бишкекке заманбап стадион салуу маселесин  демилгелеп чыкты эле. Мына ушул маселе боюнча кандай аракеттер болуп жатканын Аскар мырза Chagylgan.kgге айтып берди.

—Акырындык менен тийешелүү аракеттер көрүлүп жатат. Бирок эӊ ириде стадион салыш үчүн жер маселеси талапка ылайык чечилиши керек да. Мына ушул  жер маселесин чечүү аракети бир аз созулуп жатат. Бишкектин түштүк тарабынан заманбап стадион салганга 30 гектар жер бөлүндү десек болот. Ал жердин документтери  толук бүтө элек. 12 гектары өкмөт аркылуу чечилди. 18 гектар жерин чечүү маселесин өкмөт мэрияга тапшырган. Ал жерлер башкаларга берилип кеткен экен. Азыр ал жерди кайра кайтарып алуу үчүн сот иштери жүрүп жатат. Кудай буйруса, ал 30 гектар жерге 30-35  миӊ орундук эл аралык деӊгээлдеги футболдук стадион, 7-8 миӊ орундук заманбап спорт сарай (жабык) салынышы керек. Футбол стадионун салууга 50 миллион доллар керек болот. Бул абдан чоӊ каражат. Ал  стадионду салууга өкмөт инвестиция тартышы зарыл. Бул үчүн дыкаттык менен иш алып баруу зарыл

-Спорт сарайды куруу, каражат маселеси кандай болот?

-Ал спорт сарайдын ичинде күрөш, волейбол,   бассейин ж.б. болушу абзел. Ошондой эле ал жерде концерттер, ар кандай чоӊ иш –чаралар болуп турат деген максат бар. Мындан тышкары, биздин хоккейибиз дагы жакшы өнүгүп келатпайбы. Ошон үчүн  жок дегенде 5 миӊ адам бата турган хоккей стадионун да куруу каралып жатат. Мен өкмөткө, президентке ушул спорт стадионун курууну 7-8 курулуш компаниясына салдырууну сунуштап жатам. Алар өз акчаларына заманбап спорт сарайын салышсын дагы, өздөрү кожоюн болуп кирип, акционердик коом кылып иштетишсин. Мына ушундай ыкма менен мамлекетибиз сонун спорт сарайлуу болуп калат. Ушул багытта жакшылап аракет кылсак, буйруса жакшы жыйынтык чыгат деген ишеничтемин.

1 КОММЕНТАРИЙ

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here