Жогорку Кеңештин депутаты Алтынбек Жунус уулу бажы тармагы боюнча сындады. Себеби Мамлекеттик бажы кызматынын 2019-жылдагы бюджети көбөйтүлүп, жыл аяктагандагы көрсөткүчтөрү өз жемишин бербегенин баса белгиледи. Ал ЖК жыйынында Абылзагиевге кайрылып буларды айтты:

— 2018-жылы 2019-жылдын бюджетин карап жатканда 500 млн. сомго ушулардын чыгымын көбөйткөндөн кийин эффект да болушу керек эле да. Өкмөткө ишенип бергендин жыйынтыгын көрүп атасыздар. Аткезчилик-аткезчилик деп айтабыз, Таластан, Чалдовардан өтө көп аткезчилик болуп жатат. Чек ара кызматына эле ишенип олтура бербей башка кызматтарды коюп көрсөңүздөр.-деди депутат.

Депутаттын сынына жооп кылып Мамлекеттик бажы кызматынын башчысы Алтынбек Торутаев импорттун азайып кеткенин айтты. Жунус уулу премьер-министрге жол салуудагу коррупция маселесин да жеткиликтуу айтып берип, бул маселе боюнча бир катар суроо узатты

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here