Аскар байке, бул ирет саясаттан четтеп,  спорт, анын ичинде футбол  багыты боюнча баарлашсак. Биздин улуттук курама командабыз жакында Дүйнө чемпионатына тандап алуу алкагында Япония жана Тажикстан менен ойноп, жыйынтык биз күткөндөй болбой калды. Мына ушул жагдайлар боюнча кененирээк  айтып берсеӊиз?

—Дүйнө жүзү боюнча футболду сүйбөгөн, футболго кызыккан адамдар  барган сайын көбөйүп баратат. Дүйнөдө 7 миллиарддан ашуун адам болсо ошонун жарымынан көбү футболду абдан жакшы көрөт. Биздин кыргыз эли да бир топ жылдан бери футболго  өтө көӊүл буруп, бул багыт боюнча өнүгүүнүн – өсүүнүн жолунда болуп келатат. Бүгүнкү күнү футболду ашканадагы аялдардан тартып, бала-бакчадагы балдарга чейин чоӊ кызыгуу менен көрүп  калышпадыбы. Биздин курама командабыз жыл өткөн сайын такшалып, тажрыйба топтоп, улам бир жетишкендиктерге жетип келатканы баарыбызды сүйүнтүп турат.  Биздин  улуттук курама команда  азырынча 2022- жылы Катарда өтө турган  дүйнө чемпионатына, 2023-жылы өтө турган Азия чемпионатына карата тандоо  турунда  өз тайпабызда экинчи орунда келатат. Япониянын улуттук командасын билесиӊер, дүйнөдөгү мыкты 20 команданын ичине кирет. Өздөрүнүн класстары, ыкмалары бар.

А. Салымбеков: Улуттук командабыздын башкы машыктыруучусу Александр Крестинин өзү жалгыз эмес да, ал дагы өзүнүн 7-8 машыктыруучусун алып келген. Анын баарына биз дагы төлөп берип, клубда кармайбыз.

Бирок ошого карабастан биздин футболчулар алар менен чынында жакшы ойноп, алардын чабуулдарына жакшы туруштук берип, биздин элди ыраазы кылышты. Ал эми Тажикстанды жеӊе албай, теӊ теӊ чыгып калганыбызга элибиздин ичи ачышып эле калды да. Тажикстан футбол боюнча биз менен бетешүүдө союз жылдарынан тартып эле катуу даярданып,   бизге өзгөчө көӊүл буруп келатат. Биздин команда деле илгертен тажик командасы менен  катуу ойноп келген. Бул ирет дагы ошондой болду. Чынында биздин футболчулардын азырынча чеберчилиги анчалык арта электигин бул жолку оюндардан көрүп байкап жатабыз. Мыкты чабуулчуларыбыз аз болуп жатат. Бирок  баары эле биз ойлогондой болуп калбайт да. Оюндан оюнга такшалып, тажрыйба топтоп, анан бийиктиктерди багынтат. Биздин оюнчулар ушундай жолдорду дагы басып өтүшү керек. Анын үстүнө бизде респуликанын деӊгээлинде ойногон командалар  болгону сегиз команда  болуп жатпайбы. 8 команда деп айтканыбыз менен анын экөөсү жөн эле ойлонулуп, эптеп-септеп кошуп койгон командалар да. Жок дегенде 12 -15 командага жетип, катуу таймаш болуп турса ички атаандашык дагы күчөп, чеберчилик өсүп  тажрыйбабыз мындан да чоӊ болмок.

—Эми бул оюндарда элдин купулуна толуп, оозуна илинген айрым оюнчулар тууралуу айтып берсеӊиз?

—Биз эми оюнчуларыбызды 5-6 жашынан тартып машыктырып, тарбиялап жатабыз. Бирок баары эр жетип, бааралына келгенде   башка мамлекеттердин күчтүүрөөк командаларына кетип калып жатышат. Аларды коё бербесек да аргабыз жок. Канча футболчуларыбыз кетип жатышат. Кичин, Мурзаев,  Байматов  Землянухин баары эле бекер эле кетип жатышат. Бирок чемпионат учурунда улуттук карама командага кайтып келип, өлкөнүн намысын талашып ойноп жатышат. Биз даярдайбыз, анан өсүп алгандан кийин кетип калгандыктан өзүбүздүн командаларга анчалык пайдасы тийбей калып жатат.

Акыркы оюндарда  Гүлжигит Алыкулов абдан жакшы ойноп, күйөрмандардын сүймөнчүгүнө айланып калды. Гүлжигитти  атасы маркум Жаныбек Алыкулов өзү  мага 7-8 жашында ээрчитип келип: “Аскар байке, баламды “Дордойго алып келдим. Өзүӊүз өстүрүӊүз”- деген эле. Бейиши болгур Жаныбек өзү да футболду жакшы көрчү. Ал тургай сахнада да топ менен номер аткарган  учурлары болгон.

Гүлжигит 15-16га чыкканда түрктөр бизге келип: “Гүлжигитиӊерди  алып кетели, бизге бергиле”- дешти. Биз баасын чыгарып саталы дедик. Бирок  ал сунушубузга көнбөй, чыгымдарыбызды төлөбөй коюшту. Анан бизге Гүлжигиттин апасы, артисттердин бир тобу келишти Түркияга жиберишибизди суранып.  Ошентип, Гүлжигит Түркияда дагы өзүн жакшы көрсөтүп, андан кийин азыр Белоруссияда ойноп жатат. Андан башка Алимардон Шукуров, Павел Матяш ж.б.  айтсак көп сөз болуп кетет.

—Бул маселе дагы деле болсо каражатка такалып жатат да, туурабы?

—Албетте, туура. Каражат маселеси болбосо кайдан… Биз эми биринчи команда, экинчи команда, үчүнчү команда кармайбыз.Ошонун баары эле чоӊ каражат. Улуттук командабыздын башкы машыктыруучусу Александр Крестинин өзү жалгыз эмес да, ал дагы өзүнүн 7-8 машыктыруучусун алып келген. Анын баарына биз дагы төлөп берип, клубда кармайбыз. Улуттук команда 3-4 айда бир чогулат да. Ага чейин биздин клубда…

—Ошончо  машыктыруучуну, оюнчуларды кармоо, аларды камсыздоо бул миллиондогон каражатты  талап кылаарын айтпасаӊыз да билип турабыз…

—Ачыгын айтканда жылына  футболго жалпысынан 1, 300 миӊ доллардан 1, 500 миӊ доллар кетет. Мен дайыма: “Англиядан башталган футбол Кыргызстанда өлүп калбашы керек” – деп айтып келем. Андыктан бул биздин аракетибиз өлкөдө футболду өнүктүрүүгө кошуп жаткан салымым десем болот. Футболду өнүктүрүүгө чоӊ каражат сарптабасак сапат жагынан өсүшү кыйын эле болот. Мына  коӊшуларыбызды алалы. Казакстан Европада ойноп, казак футболун өнүктүрүүгө УЕФАдан жылына 20-30 миллион доллар алышат. Өзбекстанда Каримов футболду өнүктүрүүгө  1990-жылдары эле жакшы көӊүл буруп, атайын токтом чыгарып колдоого алган. Тажикстанда президент, анын баласы баш болуп футболго абдан кызыгып, өнүктүрүүгө чоӊ салым кошуп жатышат. Биздин оюнчуларыбызда кеп жок. Болгону чеберчиликти өнүктүрүү керек. Гүлжигиттей балдарыбыз көп чыкса жакшы ийгиликтер жаралат. Футболду кичинекей айыл –кыштактан баштап өнүктүрүү зарыл. Чоӊ-чоӊ демөөрчүлөр көбөйүшү керек.

  ( Уландысы бар)

    Маектешкен, Айбек ШАМШЫКЕЕВ

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here