27-ноябрдын таңында, саат 8:00 чамасында Майлуу-Суу шаарындагы №12544 аскер бөлүгүндө аскердик кызматын өтөп жаткан жоокер (А. у. Т.) асынган абалда табылды. Бул тууралуу КР Куралдуу күчтөрдүн Башкы штабынын басма сөз кызматы билдирди.

— Учурда окуянын жагдайлары тергелип жатат. Бул факт боюнча Куралдуу күчтөрдүн кургактагы аскерлеринин командачылыгы кызматтык иликтөө баштады. Жалал-Абад гарнизондук аскердик прокуратурасы тарабынан сотко чейинки өндүрүш чарасы жүргүзүлүп жатат, -деп айтылат маалыматта.

Ага айдын эң мыкты жоокери катары 10 күндүк өргүү берилип, үйүнөн аскер бөлүмүнө 26-ноябрь күнү кайтып келген.

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here