5-каналды жетектеп жаткан журналист Эрнис Кыязов деген журналист бул ирет өзүнүн «жугундукор », кошоматчы экенин, МАТРАИМОВдордун кланы үчүн жанын да бере турганын так далилдеп берди. Ал «Азаттыктын» РАИММИЛЛИАРД, Саймаити ж.б. боюнча иликтөөсүнө каршы иликтөө жасамыш этип, иликтөөдө айтылган дегендин баарын Атамбаевге  буруп, Матраимовдорго чаӊ жугузбоонун аракетин аябай көрдү. Ооба, «Азаттык» иликтөөсүндө Атамбаевдерди айтпады. Айтканда эмне, айтпаганда эмне. Ал  абакта, болгондо да өмүр бою чыкпай турган беренелер менен камалды. Эми ага түрмө ичинен дагы түрмө салып камап салса да баары бир. Негизги маселе азыркы  РАИММИЛЛИАРД  баштаган «коррупционерлерди» жоопко тартып, тазалануу эмеспи. Бийликтин таза иштешин талап кылуу эмеспи. Элдин мына ушул эӊ башкы талабын түшүнбөй теӊирден тескери сайраган Эрнис Кыязов эл душманына айлангандай эле түр көрсөттү. Тили сайраганы менен дили такыр болбой, «сасып» кеткен турбайбы. Мындай эргулдар  эзели элди деле, өзүн деле жыргатпайт. Кыязовдун кызыл тилин сайратып жаткан Матраимовдордун арам акчасы экенин баары айтып жатышат. Эрнис мырза ушундан көрө Текебаев Бакиевге айткандай « эркек болсо асынып алса»  деле болчудай абалга жетти окшойт. Кыязодун кызыл тили эми кимдердикин «тазалайт» болду экен. Негизи «тазалаган» жагынан алдына киши салбас болуп  алды окшобойбу, кызы талакты десе. Бул жагын да байкай туралы.

Булак6 Багыт

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here