—Бакыт мырза, сиз жетектеген оркестрдин уюшулганына билинбей эле он жыл болуп кеткен экен. Алгач кепти ушундан баштасак…

—Чындыгында он жыл деген алып карасаӊ аз убакыт. Бирок ошол ар бир күн талдап келгенде бир кылымга тете сыяктуу сезилип калат экен. Эми биз жаӊы баштап атканда оркестрге нота жазуу деген жок болчу. Бирок ушунча мезгилдин аралыгында 250гө жакын чыгарма оркестрге салынды. Бул жерде албетте, чыгармачыл жамааттын да эмгеги чоӊ деп айтсам болот. “Артисттин бир көргөнүн  хан көрбөйт, бир көргөнүн ит көрбөйт” деп бекеринен айтылган эмес. Гастролго чыкканда ачка калган күндөрүбүздөн тышкары ар кандай кызыктуу учурлардын баары эсте. Мага билинбеген, көрүнбөгөн майрык чокой төрдө илинип турат. Өткөн күндөрдү эске салып.

—Шералынын чокою…

—Ооба. Ансыз болбойт. Эми, Кудай буюрса баягы убакыт деген өтөт. Буга чейин улуу адамдар болуп келген. Учурда замандын агымы менен биз иштеп жатабыз. Бизден кийин жаштар да келиши керек да. Ошон үчүн мен таланттуу жаштарды тарбиялап жатам. Кудай буюрса, шакирттеримдин  чыгармачылыкта мыкты деӊгээлге жеткенин көрсөм Кудайга ыраазымын!

Сыйкырдуу таяктан сыйкырдуу музыка…

—Он жылдын ичинде силердин жамааттын эмгеги эске алынып, арасындагы айрым өнөрпоздор  мамлекеттик сыйлыктарга көрсөтүлдүбү?

—“Баланын курсагы ачмайынча энесин эстебейт” деп коёт эмеспи. Биздин мэриянын маданият башкармалыгынын башкы эсепчиси Элмира Абдылдаевнага тереӊ ыраазычылык билдиребиз. Себеби акчаны баардык жакка жеткиргендиктен оркестрдин мүчөлөрүнө форма тиктирип берип жатышат. Чындыгында музыкалык аспаптарды колдорунан келишинче алып бере башташты. Эӊ башында бир эл комузубуз бар болчу. Муну айтпаса болбойт.

—Музыкалык аспаптарыӊар жүз пайыз жаӊырдыбы?  

—Жок. Бирок, четинен жаӊыртыла баштады. Учурдан пайдаланып маданият министрлигине да чоӊ ырахмат айтышыбыз керек. Себеби бизге ШОС саммитине карата костюм тиктирип беришкен. Жогоруда сыйлык тууралуу сөз болуп кетпедиби. Чыгармачыл адамдын эмгеги бааланса ошондон каниет алып калат эмеспи. Бирок азыр өзүӊүзүздөр көрүп жатасыздар. Биздин мамлекетте маданият тармагында 40-50 жыл иштегендер сыйлыкка жете албай жаткандан кийин, он жылдын аралыгында жетүү деле кыйын да. Бирок ошондой болсо дагы эмгегибиз эске алынып  биздин мэриянын маданият башкармалыгы тарабынан жакында өткөрүлгөн он жылдык мааракебизде бир топ адамга Ардак грамоталар тапшырылып, айрым өнөрпоздорго “маданияттын мыкты кызматкери” наамы ыйгарылды. Биздин оркестр уюшулгандан бери иштеп келе жаткан дагы бир ырчы кызыбыз Гүлнара Өмүрзакова жакында  Кыргыз Республикасынын эмгек сиӊирген артисти” наамына ээ болду. Бул биздин жамаат үчүн чоӊ сыймык болду.

—Эл аралык конкурстарда жетишкен ийгиликтериӊер тууралуу да айтып берсеӊиз?

—2016-жылы 19 мамлекеттин арасынан Казакстанда өткөрүлгөн Жуванов атындагы эл аралык конкурста Кыргызстандын тарыхында биринчи биринчи жолу баш байгеге ээ болуп келдик.  Ошондо казакстандыктар абдан таӊ калышкан эле. Бул конкурста Гүлнара Өмүрзакова, Улан Качкыналиевден тышкары дагы бир топ ырчыларыбыз Эл аралык конкурстун лауреаты деген наамга татыктуу болушкан. Астана шаарында өткөн чоӊ оркестрлердин фестивалында “Алтын домбра” сыйлыгы бизге тийген.

—Казакстандан башка жерлерге да концерт коюп же конкурстарга катышканы барып жатасыздарбы?

—Россия, Түркияга буга чейин чакыруулар болгон. Бирок каражат маселесинен улам көп жерлерге бара албай калып жатабыз. Казактар болсо өздөрүнүн оркестринин деӊгээлин өстүрүү, бизден тажрыйба алуу  үчүн чакырып  жатышат. А биз болсо ушул жакын эле жерде турган Кант тарапка да бара албайбыз.

—Силердин материалдык-техникалык базаӊарды чыӊдаш үчүн дагы эмне жетишпейт?

—Биздин мамлекет оркестрге коӊшу казактарга окшоп шарт түзүп бере албайт. Казакстанда болсо мамлекет тарабынан  Курмангазы атындагы оркестрге жыл сайын 93 млн. теӊге бөлүнөт экен.

—Ошого салыштырмалуу силердин бир жылдык бюджетиӊер канча сумманы түзөт?  

—Учурдан пайдаланып  айтып кетейинчи. “Сүйлөгөндүн оозу жаман, ыйлагандын көзү жаман” деп коёт эмеспи. Мен ушуга түшүнбөйм… Жогору жактан өкмөт, президенттик аппарат карап турат. Орточо айлык 15 миӊден ашат деп айтылып жатат. Каяктан? Бизде болгону эӊ көп алгандардыкы  5500 сом эле алып жатышпайбы! Анан кайдагы 15 миӊди айтышат.  Ооба. Эгер азыртадан ушул маселе чечилбесе биздин келечегибизге кедергисин тийгизет. Себеби бир учурда Түркмөнстандын тарыхында опера-балет театры жабылып калган. Челябинскиде оркестр ачылып, Кыргызстандагы күчтүү музыканттардын баары кетип калышты. Биздеги болгон оркестрдин баары чогулуп бир күндө белгиленген бир убакытта концерт бере албайт. Анткени музыканттар жашоо-турмуштун айынан сырт жакка кеткенге мажбур болушкан. Себеби барган жерлеринде алган маяналары 80-100 миӊ болуп, ошону менен бирге жашанганга батир берилип жатса ким кетпейт?!.

Эми жогоруда бизге дагы эмне керек экендиги туралуу сурабадыӊызбы. Бизге костюмдарды, кээ бир музыкалык аспапатарды алып берип жаткандарына ыраазы болушубуз керек. Бирок  мен өткөндө отуруп алып ойго батып капа болдум. Казактардын оркестриндеги гобой деген аспаптын бирөөсү эле 17 миӊ евро турат. Бизге деле мамлекет көз кырын салып үйлөмө, урма аспаптарды алып берсе жакшы эле болмок. Бизде контрабас деген аспап жок. Буга чейин кыл кыяк, комуз алып беришти. Эми ошонусуна деле ырахмат. Эгер оркестрге керектүү музыкалык аспаптардын баары толук болгондо, анда деӊгээлибиз азыркыдан да 50 пайыз жогору болмок.

—Бул маселе чечилиш үчүн чоӊ суммадагы каражат керек да?

—Миллиондогон каражат керек. Жок дегенде 5 млн. сом бөлүнгөндө сонун болмок. Эми жалпак тил менен айтканда азыр техниканын заманы болгондуктан баарыбыз эле машина айдап жатпайбызбы. Илгери москвичке жетсек ыраазы болчу элек. Азыр болсо мерседес, тойота сыяктуу машинанын түрлөрү көбөйүп кетпедиби. Эми ушул машиналарда жүрүп кайра москвичке олтурганда кандай сезимде болосуӊ? Учурда биздин абалыбыз москвичте жүргөндөй болуп жатат. 

—Жалпы эле коомчулукка белгилүү. Азыр таш ыргытсаӊ эле ырчынын башына тийе турган заман келбедиби. Дегеним, мен ырчымын дегендин баары эле оркестр менен ырдай албайт эмеспи. Фонограммадан тышкары комьютерге жаздырып алып жасалма жол менен ырдап жан багып жүргөндөр бар. Сиздер менен дайыма кызматташып ырдап жүргөн ырчылар тууралуу да маалымат берсеӊиз?

—Биздин оркестр менен ырдаган ырчыларга ыраазы болуп жатам. Себеби эл аспаптар оркестринин коштоосунда көрүнгөн эле ырчы ырдай албайт. Андыктан оркестрде ырдагандарга бизде катуу талап коюлат. “21-кылымдын жылдыздары” деген долбоор бар эмеспи. Мен муну “21-кылымдын каракчылары” деп тамашалап коём. Ошон үчүн оркестрдеги ырчыларга: “Башыӊарды жогору көтөрүп жүргүлө. Алар жылдыз болсо силер күнсүӊөр. Анткени күн чыкканда жылдыз өчөт” деп айтам. Анын сыӊары ушул долбоордун негизинде ырчылар иргелип калган болчу. Биз эки-үч жылдан бери аталган долбоорго катышпай калгандан бери ырчылар кайрадан “жылдыздар” пайда боло баштады. Азыр акчаӊыз болсо сизди деле бир айдын ичинде жылдыз кылып койсо болот… Ошон үчүн  жанагы фонограмманын баарын токтотуш керек. Көркөм кеӊеш түзүлүп, анын курамында сөзсүз өз ишинин устаты болгон композитор, элдик, классикалык ырчы, дирижёр болушу керек. Эми айта кетпесем болбойт. Биздин ырчылардан Алтынай Нарбаеваны ким билбейт? Андан тышкары Улан Качкыналиев, Айбек Касымов, Мунарбек Чобиев сыяктуу ырчыларыбыз ар бир жерге барганда уят болбойт. А калгандары “мен ырдайм” дешсе оркестр менен ырдап көрүшсүн ошондо билинет.

—Ырчылардан суранып келип оркестрде үнү жетпей калган “жылдыздар” барбы? Мисалы, Мирбек Атабеков, Нуралан Насиптер оркестр менен ырдоодон качышат го…

—Бар десем жаӊылышам. Андайлар өтө көп… Ошон үчүн акылы болсо оркестрге келбей деле койгону оӊ. Анткени рейтингин түшүрүп алышат.

—Жакында эле Самара Каримова деген ырчы Кремлге концерт койбодубу. Эми аны туурап концерт коё турган ырчылар чыга баштаганын байкап жатабыз. Дегеле сиздин оюӊузча Самаранын концерти кандай өттү?

—Каримованы мен адам катары сыйлайм. Социалдык тармактардан болсо анын концертин туура эле берилип жатат деген маалыматтар берилбедиби. А мен чынында эле туура көргөн жокмун. Самара мага таарынбай эле койсун. Эми ал жерге тарыхта биринчи жолу кыргыз ырчыларынын ичинен өзүнүн жеке концертин бергени туура болду.   “Оозу кыйшык болсо да байдын уулу сүйлөсүн “ демекчи, ал жерге каражаты жетиштүү болгондор концерт койсо деле болот. Мен анын концертин көргөн жокмун. Бирок анын концертине бул жактан барып эмгектенип жүргөн кыргыздар абарды да. Ал жерде болгон элитанын баары көргөндө гана  “Кремлде концерт берилди” деп эсептелет. Гимнди ырдаганда да жакшылап карап койсо болмок. Анткени бир-эки жеринен туура эмес ырдады. Бул чоӊ ката болуп эсептелет…

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here