Кыргыз көмүр” мамлекеттик ишканасыөзүнө тагылган милдетти так жана өз убагында профессионалдык деӊгээлде  аткаруу үчүн  бир топ иш аракеттерди көрүп жатат. Буга бир топ мисалдарды келтирсек болот. Маселен, аталган ишкананын башкы директору Канатбек Ашырбаевдин орун басары Талант Жекшенов аз күн мурун жумушчу топту жетектеп Кумтөргө барып, тажрыйба алмашып, кызматташуу боюнча сүйлөшүү жүргүзүп келди. Кумтөр алын кенин казып жаткан “Центерра” компаниясы “Кыргыз көмүрдүн”  ишин жакшыртуу үчүн Кара-Кечедеги көмүрдү казуу, ташуу иштерине аба менен суудай керек боло турган  кымбат баалуу  техникаларды бере турганы маалым болду.

Кудай буйруп, “Кыргыз көмүргө” Кумтөрдүн заманбап техникалары берилсе, анда “Беш -Сарыдагы” “кара алтын” менен элди, мамлекеттик мекемелерди  камсыздоо иши кыйла жеӊилдемек.

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here