Азыркы бийликке жат десе жата калып, тур десе тура калып, аюу кызматын көрсөткөн эргулдар ого эле көп. Алардын бирден бир чоӊ максаты эптеп бир чоӊураак кызматка илешип калуу. Мына ушул жагдайдан алып караганда Алмазбек Акматалиев, Эдил Байсалов, Эмилбек Каптагевдер эч кимди алдыга чыгарбай жүрүшүп, акыры үчөө теӊ үлкөн кызматтуу болушту. Акматалиев Президенттик башкаруу академияны, Байсалов Англиядагы элчиликти басып жыгылышса, эми Каптагаев Улуттук стратегиялык изилдөөлөр институтунун директору болуп дайындалды. Каптагаев Акаев, Бакиев, Атамбаев учурунда да  майталкан кызматтарда иштеп келген. Өзгөчө Атамбаевге  кезинде укмуш кошомат кылып, келген, анан эле кызматтан алынганда аны шыбап  жүрүп Жээнбековго жакты. Негизинен былыгы көп кишилердин катарында. Бул адамдын ишмердүүлүгүн ирети менен иликтеп, жиликтеп чыкса, анын орду кызматта эмес башка жакта болуп калышы толук мүмкүн. Буга чейинки кызматтарында деле кыйратып иштебеген Каптагаев эми деле кыйратпайт. Билими, тажрыйбасы бар болгону менен жеке кызыкчылыктан, кошоматчылыктан бийик көтөрүлө албаган адам экени жалпы коомчулукка белгилүү.

Чынында бул бийлик мындай тарпы чыккан кадрлар менен алыска бара албасы анык болуп калды. Баса, Каптагев азыркы бийликке жагынып жүрүп баласын да кызматтык тепкичтен тепкичке көтөрүп келатканы менен белгилүү.

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here