ИИМдин  Мамлекеттик адистештирилген күзөт кызматынын башкы башкармалыгынын башчысы, милициянын генерал-майору Талантбек Исаевге карата иш 320 («Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу») беренеси менен сотко чейинки өндүрүшкө алынганын УКМК маалымдады. Маалыматта:  Исаевдин иши 2011-жылы «Манас Менежмент» компаниясында иштеп турган учурдагы каржылык маселеге байланыштуу иликтенип жатканы айтылат.  Талантбек Исаев өзү 2011-жылы ал компания менчик болгондуктан эч кандай кызмат абалынан пайдаланбаганын  айтып чыкты.

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here